Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун официалдуу сайты
» » ОГПИ - АУЦА кызматташтыгы, билим берүүнүн жаңы баскычтарына карай...
12 апрель 2021
39

ОГПИ - АУЦА кызматташтыгы, билим берүүнүн жаңы баскычтарына карай...

ОГПИ - АУЦА  кызматташтыгы, билим берүүнүн жаңы баскычтарына карай...

Борбордук  Азиядагы  Америкалык университеттин Президенти Эндрю Каченс иш сапары менен Ош  гуманитардык-педагогикалык институтуна келип, окуу жайдын ректору Бемурза Зулуев менен жолугушту.

Жолугушуунун башкы максаты эки окуу жайдын кызматташтыгын арттыруу жана алдыда бирге иш алып барууга пландарды түзүү болуп саналат.

АУЦАнын Президенти Эндрю Каченстин айтымында: Биздин ОГПИ менен байланыш тарыхыбыз бар болгондуктан, дагы да ал байланышты бекемдөө үчүн жана институт менен жакындан таанышуу үчүн бүгүн келип турам. Негизи  эки окуу жайдын алакасын арттыруу үчүн мобилдүүлүк программаны жөнгө салып, окутуучулардын жана студенттердин алмашып окуусуна көңүл бурушубуз керек. Биздин иш үстүндөгү келишимибиз кагаз үстүндө калбастан, конкреттүү ишке ашуусун каалайм-, дейт.

Бүгүнкү жолугушуунун алкагында мына ушул сыяктуу бир канча маселелер талкууланып, жетекчилер билим берүүнү өнүктүрүү боюнча алдыда бирге  кызматташууну пландашты.

Белгилей кетсек ОГПИ менен АУЦАнын ортосундагы байланыш буга чейин эле активдүүу ишке ашып, натыйжада окутуучулар жана студенттер университетке мобилдүүлүк программасы аркылуу барып окуп, тажрыйба алмашып келишкен.

Кошумчалай кетсек Эндрю Каченс АУЦАнын Президенти болуп 2 жылдан бери иш алып барат. Өткөн жылдагы пандемия себептүү Ош шаарына быйыл келип, окуу жайдын жетекчилери менен таанышып,  Ош шаарында жашаган АУЦАны бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу максатында келген.  

 

 

 

 

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro