Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун официалдуу сайты
» » Студенттердин достугун чыңдаган спорттук оюндар
10 апрель 2021
41

Студенттердин достугун чыңдаган спорттук оюндар

 Студенттердин достугун чыңдаган спорттук оюндар

Ош гуманитардык- педагогикалык институнун факультеттери ортосунда 1-курстун студенттеринин спорттук мелдеши өттү.

Аталаган студенттик спартакиада 7-апрель “Ден-соолук” күнүнө карата болуп, ага 1-курсттун студенттери ар бир факультеттен команда болуп катышышты. Мында  ар бир факультеттен түзүлгөн командалар жободо белгиленгендей волейбол(кыздар, балдар), шахмат, тогуз коргоол оюндары боюнча күч сынашышты.

Өткөрүлүп  жаткан иш чара студенттерди  руханий жана дене маданиятын өнүктүрүү, спортко болгон жөндөмдүүлүгүн арттыруу жана факультеттер ортосунда ынтымакты бекемдөө максатында институттун Дене тарбия факультети жана Жаштар комитети тарабынан уюштурулган.

Мелдештин жыйынтыгы спорттун ар бир түрү жана командалык эсеп менен чыгарылып,  жеңүүчүлөр аныкталды. Ошондой эле мелдеш учурунда өз чеберчилигин көрсөткөн студенттер белгиленип, окуу жайдын студенттик курама командаларына кабыл алынды.

Белгилей кетсек байгелүү орунду ээлеген факультеттер жана мыкты оюнчулар 18-май ОГПИнин күнүнө карата өтүүчү жыл мыктыларын сыйлоо аземинде окуу жайдын жетекчилиги тарабынан диплом жана баалуу белектер менен сыйланышмакчы.

Мелдештин жыйынтыгы:

Волейбол (балдар)

1-орун Дене-тарбия факультети

2-орун Гуманитардык факультети

3-орун Табият таануу жана география факультети

 

Волейбол (кыздар)

1-орун Музыкалык-педагогикалык факультети

2-орун Колледж

3-орун Математика жана компьютердик технологиялар факультети

 

Шахмат боюнча

1-орун Табият таануу жана география факультети

2-орун Кыргыз-Россия факультеи

3-орун Музыкалык-педагогикалык факультети

 

Тогуз коргоол боюнча

1-орун Табият таануу жана география факультети

2-орун Кыргыз-Россия факультеи

3-орун Гуманитардык факультети  

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro