Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун официалдуу сайты
» » ОГПИ_ СТУДЕНТ ЖАНА ИЛИМ-2021
5 апрель 2021
263

ОГПИ_ СТУДЕНТ ЖАНА ИЛИМ-2021

ОГПИ_ СТУДЕНТ ЖАНА ИЛИМ-2021

Студенттердин илимий сабаттуулугун жогорулатууда, окутуучулар берген билимди кайтарым байланыш кылуу менен студенттин канчалык деңгээлде билим алып, көндүмгө ээ болгону маанилүү.

Дал ушундай өңүттө ЖОЖдо илимий практикалык конференциялар байма-бай өткөрүлүп турат.

Бүгүн Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун Колледжинде 1-2-3- курстун студенттеринин катышуусунда илимий практикалык конференция болуп өттү.

Ал "Студент жана илим-2021" деген темада болуп, "Дене тарбия жана табигый илимдер" кафедрасы тарабынан уюштурулду.

Конференциянын өзгөчөлүгү 1-курстун студенттери оффлайн түрдө илимий макалаларын окушса, үй шартында билим алып жаткан 2-3-курстун студенттери Zoom тиркемеси аркылуу катышып, өз баяндамаларын жасай алышты.

Соңунда мыкты баяндама жасаган студенттер уюштуруу тобу тарабынан диплом менен сыйланышты.

   

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro