Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун официалдуу сайты
» » ЖАШТАРГА ДЕМ БЕРГЕН ЖАНДУУ ЖУМАЛЫК
3 апрель 2021
19

ЖАШТАРГА ДЕМ БЕРГЕН ЖАНДУУ ЖУМАЛЫК

ЖАШТАРГА ДЕМ БЕРГЕН ЖАНДУУ ЖУМАЛЫК

 

 “Балдар жердин жандуу гүлдөрү”  дал ушундай аталыштагы иш чара  Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун Колледжинде жумалык катарында болуп өттү.

 

Аталган жумалык "Мектепке чейинки билим берүү жана жекече усулдар" кафедрасы тарабынан уюштурулуп,  1 жума бою кафедранын окутуучулары ар бир адистиктер арасында ачык-тарбиялык сааттарды өткөрүштү. Катарда кафедранын эмгек сабагынын окутуучусу Садирова Фарида  “Ала тоодой элим бар, жети дубан жерим бар” аталышында тарбиялык саат уюштурду. Бул менен катар студенттердин жана мугалимдердин эмгегинен жаралган сүрөт жана кол өнөрчүлүк боюнча көргөзмөлөр коюлду.

 

 

Жумалыкты жыйынтыктоо иретинде жаз майрамына арналган СҮМӨЛӨК кайнатылып, ага окуу жайдын жетекчилик жамааты катышты. Мындан сырткары  эмгек жамаатка арналган сый тамактар жасалып, дасторкон жайылды. Катышуучулар дасторкон үстүнөн даам  татуу менен соңунда жакшы ой-тилектерди  айтып, жамааттын ишмердүүлүгү арта берүүсүн  каалап, иш чараны жыйынтыкташты.

 

ОГПИнин Колледжи ар бир коомдук маданий массалык иш чараларга жогорку активдүүлүк менен катышып, мындан сырткары ар бир кафедра тарабынан жумалыктарды байма-бай уюштуруп турушат. Ошондой эле окуу жайдын өнүгүүсү үчүн максаттуу салым кошуп,  алгылыктуу иш алып барышат.  

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro