Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун официалдуу сайты
» » ОГПИде бүтүрүүчүлөрдү жумушка жайгаштыруу боюнча онлайн конференция өттү
29 май 2020
1 166

ОГПИде бүтүрүүчүлөрдү жумушка жайгаштыруу боюнча онлайн конференция өттү

ОГПИде бүтүрүүчүлөрдү жумушка жайгаштыруу боюнча онлайн конференция өттү

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда 2019-2020-окуу жылында бюджеттик негизде окуп, педагогикалык адистикке ээ болгон бүтүрүүчүлөрдү  жумушка жайгаштыруу боюнча Мамлекеттик бөлүштүрүү конфренциясы болду. Бул тууралуу окуу жайдын практика жана карьера бөлүмүнүн башчысы Гулайым Байышова билдирди.

Конференция онлайн форматта аралыктан болуп, ОГПИнин практика жана карьера бөлүмү тарабынан уюштурулду. Ага окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев баштаган жетекчилик жамааты, Билим берүү жана илим министирлигинин Укуктук камсыз кылуу жана кадр иштери башкармалыгынын адиси  Мамбетакунова   Нургул Барктабасовна,  Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы  шаардык жана райондук билим берүү башкармалыктарынан өкүлдөрү жана студенттер  катышышты.

Конференцияда алгач ректор Бекмурза Зулуев сөзгө чыгып, жалпы бүтүрүүчүлөрдүн алдыдагы Мамлекеттик сынакттарына ийгилик каалоо менен келечекте мугалимдик кесипти кастарлаган мыкты адис болуп, бүткөң окуу жайды ак эмгектери менен даңазалоого тилектештигин билдирди. Ошондой эле министрликтин өкүлү катары   Нургул Мамбетакунова   конференциянын жүрүшүнө ийгилик каалап, жалпы бөлүштүрүүнүн эрежелери менен тааныштырып өттү.

Иш чаранын жүрүшүндө бөлүм башчы Г.Байышова  бөлүштүрүү, болочок мугалимдердин жүмушка жайгашуулары, жумуш орундар жана келишимдер  боюнча баяндама жасады.  Ошондой эле студенттер өздөрү буга чейин мектептер менен байланыш жасап, келишим түзгөндөрү жана такыр байланышта боло элек студенттер боюнча да маалымат берип өттү. Буга ылайык  билим берүү башкармалыктарынан катышкан өкүлдөр өздөрүнүн аймактарындагы бош орундуктар тууралуу билдирүүлөрүн маалымдашып, аталган орундуктарга студенттерди орноштуруулары боюнча келишимдерди тузүштү.

 Маалымат иретинде айта кетсек, Кыргыз Республикасынын жогорку жана атайын орто окуу жайларындагы 2019-2020-окуу жылында педагогикалык кесипке ээ болушкан бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик бөлүштүрүү  боюнча  иш план  тиешелүү министрлик тарабынан т\з\л\п атайын буйрук чыгарылган. Аталган буйруктун алкагында ОГПИде төмөндөгүдөй комиссиялык топ түзүлүп, бугүнкү конференция жүзөөгө ашты.

  1. Зулуев Бекмурза Бекболотович -комиссиянын төрагасы, ОГПИнин ректору, п.и.доктору, профессор;
  2. Раимбеков Каныбек Тургунович - комиссиянын төрагасынын орун басары, окуу иштери боюнча проректор,  биолг.илим.канд., профессор 
  3. Турдубаева Гүлмира Мамаевна -комиссиянын  мүчөсү, Ош Билим берүү институтунун  директору;
  4. Давыдова Венера Загитовна - комиссиянын мүчөсү, Ош шаардык билим берүү башкармачылыгынын  кадрлар бөлүмүнүн  башкы адиси;
  5. Асанбаев Акуш Жаныбаевич – комиссиянын мүчөсү,  Ноокат районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы;
  6. Муратов Аязбек -  комиссиянын мүчөсү,   Өзгөн  районунун  билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси;
  7. Машрапова Гулай Эгемназаровна – комиссиянын мүчөсү, Кара-Суу районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы;
  8. Абсатаров Равшан Рахманалиевич – комиссиянын мүчөсү, ОГПИнин Окуу бөлүмүнүн башчысы;
  9. Нажимидинов Улан Байышович - комиссиянын мүчөсү,  ОГПИнин сапат бөлүмүнүн башчысы;
  10. Байышова Гулайым Жакышовна -  комиссиянын мүчөсү,  Өндүрүштүк практика бөлүмүнүн башчысы;
  11. Маткаримов Нурбек Төлөнбаевич  - комиссиянын мүчөсү,  Гуманитардык факультетинин  деканы;
  12. Миңбаева Кундуз Бөдөновна - комиссиянын мүчөсү,  Музыкалык-педагогикалык факультетинин  деканы;
  13. Мамытов Кубаныч Аюпович         - комиссиянын мүчөсү,   Дене-тарбия факультетинин  деканы;
  14. Мондошев Шамир Насырович - комиссиянын мүчөсү,  Кыргыз-Россия  факультетинин деканы;
  15. Турдубаева Кандалат Ташполотовна - комиссиянын мүчөсү,   Математика жана Компьютердик Технологиялар факультетинин деканы;
  16. Топчубаев Аширбек Бердибекович - комиссия мүчөсү, Табият таануу жана география  факультетинин деканы;
  17. Кырбашев Токторалы Култаевич  - комиссиянын мүчөсү,   Колледж бөлүмүнүн директору.

   

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro