Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун официалдуу сайты
» » ДИСТАНТТЫК ОКУТУУ УЛАНУУДА
26 март 2020
412

ДИСТАНТТЫК ОКУТУУ УЛАНУУДА

ОГПИде АРАЛЫКТАН ОКУТУУ УЛАНЫП, СТУДЕНТТЕР I МОДУЛДУ ҮЙЛӨРҮНДӨ ТАПШЫРЫШАТ  

Коронавирус илдетине байланыштуу өлкөбүздө жарыяланган өзгөчө абалга ылайык Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда студенттерге билим берүү иши аралыктан жүргүзүлүп жатат. 

Бул аракеттер Билим берүү жана илим министрлигинин тиешелүү буйруктарынын негизинде окуу жай жетекчилигинин көзөмөлү менен ишке ашып жатат. Мында профессордук-окутуучулар курамы http://ogpi.kg/ сайтынын AVN билим порталы аркылуу жеке кабинетине лекциялык материалдарды, практикалык жана лабораториялык иштердин тапшырмаларын жүктөп, студенттерге маалыматтарды жеткирүүдө. Студенттер да аталган AVN билим порталы аркылуу логин жана паролдорунун жардамында жеке кабинеттеринен окутуучулар жөнөткөн материалдарды алып, шартка жараша аралыктан онлайн жана электрондук турдо билим алып жатышат.

Жогорудагы ОГПИнин AVN маалыматтык системасынан сырткары социалдык түйүндөр (whatsapp, telegram и facebook), ZOOM сыяктуу видео конференция өткөрүүнүн программаларын пайдаланып студенттер менен байланыш түзүлгөн. Окутуучулар электрондук группаларды түзүшүп, студенттерге керектүү материалдарды жиберип, анын негизинде кайтарым байланыштар ишке ашырылууда.

Институттун окуу бөлүмүнүн атайын пландарына ылайык бардык факультеттерге, колледжге тиешелүү Сабактардын жадыбалы окуу жайдын сайтында жүктөлгөн.

Жакынкы күндөрдө студенттердин билимин текшерүү (I Модул)  http://ogpi.kg/ сайтындагы Тестирлөө аркылуу ишке ашырылмакчы. Мында белгиленген мөөнөттө студенттер логин жана паролдорунун жардамында тестирлөөгө кирип, тиешелүү предметтер боюнча модулдарды тапшыра алышат. Тестирлөөнүн жыйынтыгы ОГПИнин AVN маалыматтык системасына автоматтык түрдө түшүрүлөт.

Ошондой эле  окуу адабияттары менен камсыздоо үчүн институт тарабынан төмөнкү сайттар аркылуу  базаларга кирүү мүмкүнчүлүктөрү түзүлүп берилди:

http://www.biblioclub.ru/ 

http://www.biblioclub.ru/ 

http://lib.rudn.ru/

https://lib.kg/

http://www.okuma.kg/

http://bizdin.kg/

https://biblioclub.ru/

https://ibooks.oshsu.kg/

http://library.manas.edu.kg/

 

Белгилей кетсек учурда окутуучулар окуткан материалдарына жараша тесттерди даярдап сайтка киргизишуудо. Мунун алкагында студенттер жайкы сессиянын I модулун графиктин негизинде  кийинки жумадан баштап (30 марттан 10 апрелге чейин) уй шартында тапшыра башташат.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro