Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун официалдуу сайты
» » ОГПИде Эл аралык конференция болду...
14 март 2020
2 303

ОГПИде Эл аралык конференция болду...

ОГПИде Эл аралык конференция болду...

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда  “Педагогикалык билим берүү: каада-салттар, инновациялар, изилдөөлөр,күтүлүүчү натыйжалар” деген теманын алкагында эл аралык илимий-практикалык  конференция болуп өттү.

Аталган конференция  Россиянын Эл аралык педагогикалык билим берүү академиясы, Шадринск мамлекеттик-педагогикалык университети, Баранов мамлекеттик университети, Тараз мамлекеттик-педагогикалык университети жана Ош гуманитардык-педагогикалык институту менен биргеликте уюштурулган.

Конференция жобого ылайык 4 багытта болду:

1. Педагогикалык билим берүүнүн теориялык жана методологиялык негиздери; 2. Билим берүү жараянына психологиялык-педагогикалык колдоо;

3. Билим берүү системасында баланын көркөм жана эстетикалык өнүгүүсүнүн психологиялык-педагогикалык аспектилери;

4. Билим берүүнүн теориясы жана практикасы;

Белгиленген багыттар боюнча окутуучулар илимий баяндамаларды жазышып, конференциянын жүрүшүндө аны коргошту. Ошол менен бирге жазылган илимий макалалар тиешелүү комиссиянын көзөмөлүнөн өткөн соң, эл аралык журналдардан жарык көрөөрү айтылды.

Белгилей кетсек аталган конференция ОГПИнин Эл аралык байланыштар жана инвестиция тартуу департаменти жана Музыкалык-педагогикалык факультети тарабынан уюштурулуп, мындан ары салтка айланып, жогоруда аталган окуу жайларда өткөрүлөөрү бышыкталды.

 

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro