Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун официалдуу сайты
» » ВОЛЕЙБОЛ БОЮНЧА СТУДЕНТТИК МЕЛДЕШ
26 февраль 2020
145

ВОЛЕЙБОЛ БОЮНЧА СТУДЕНТТИК МЕЛДЕШ

 ВОЛЕЙБОЛ БОЮНЧА СТУДЕНТТИК МЕЛДЕШ

 23-февраль Ата мекенди коргоочулар күнүнө карата Ош-гуманитардык-педагогикалык институтунун Гуманитардык факультетинин студенттери ортосунда  волейбол боюнча мелдеш болуп өттү.  

Аталган иш чара факультеттин деканаты жана жаштар комитети тарабынан демилгеленип, ага бардык тайпалардын мырзаларынан командалар куралып кызуу оюн көрсөтүштү. Мелдеш жогорку деңгээлде уланып, мыкты оюнчулар өз командаларына алга сүрөө менен женишке жетишишти. Жыйынтыгында 3-орунду С-АН – 16 тайпасы, 2-орунду Ан-11(18) тайпасы ал эми 1-орунду С-Т-17 тайпасы ээлеп диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланышты. Муну менен катар мелдеш учурунда өзгөчө чеберчилик менен оюн көрсөткөн спортчулар белгиленип атайын белектерге ээ болушту.

Белгилей кетсек студенттер арасында ынтымактыкты бекемдеп, сергек жашоого үндөгөн бул саамалык салт катары жылына 2 ирет өткөрүлүп келет.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro