Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун официалдуу сайты
» » Айымдарды даңазалаган "Кана эмесе кыздар ай" кароо-сынагы
3 март 2020
105

Айымдарды даңазалаган "Кана эмесе кыздар ай" кароо-сынагы

ОШТО “КАНА ЭМЕСЕ КЫЗДАР АЙ” АТТУУ СТУДЕНТТЕРДИН СЫНАГЫ ӨТТҮ

Кыргыз Республикасынын Жогорку  Кеңешинин депутаты, КР аялдар кеңешинин төрайымы Алтыбаева Айнуру Тойчуевнанын демилгеси  менен 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата “Кана эмесе кыздар ай” аттуу ЖОЖдор аралык кароо-сынак болуп өттү.

Айымдарды даңазалоого багытталган бул сынак С.Ибраимов атындагы ОУДТда болуп, ага Ош мамлекеттик университети, Ош технологиялык университети, Кыргыз-Өзбек университети   жана Ош гуманитардык-педагогикалык институтунан куралган кыздар команадалары катышып ат салышты.

Аталган кароо-сынак жободо берилгендей 4 турду өзүнө камтыды. Алгач катышуучулардын маданияттуулугу, көркөмдүүлүгү жана этикасына көңүл койгон саламдашуу, билим деңгээлин текшерүү багытында“Блиц суроо”, талантын даңазалоочу “Этно стиль ” жана 4-тур “Үй тапшырмасы” менен жыйынтыкталды. Мында кыздар залкар жазуучу Ч.Айтматовдун чыграмаларынан сахналык көрүнүш тартуулашып, аялдардын коомдогу ордун чыгармадан үзүндү аткаруу менен далилдей алышты. Буга көрүүчүлөр жана сынакка калыстык кылып отурган калыстар тобу да көздөрүнө жаш ала күбө болуп отурушту.

Кыздардын кызуу таймашы жогорку деңгээлде уланып, жыйынтыгында 1-орунду ОшКУ 2-орунду ОшМУ ал эми 3-орунду ОшТУ жана ОГПИнин командасы алып, бардык катышуучулар уюштуруу тобу  жана окуу жайлар тарабынан акчалай сыйлыктар, баалуу белектер жана дипломдор менен сыйланышты.

 

 

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro