Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун официалдуу сайты
» » ОГПИде эл аралык эне тил күнү белгиленди
22 февраль 2020
118

ОГПИде эл аралык эне тил күнү белгиленди

ОГПИде эл аралык эне тил күнү белгиленди

21-февраль Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата Ош гуманитардык – педагогикалык институтунда “Тилсиз улут болбойт”  деген аталышта маданий салтанат болуп өттү.

Иш чара окуу жайдын факультеттери жана жаштар комитети  тарабынан уюштурулуп, ага окуу жай жетекчилиги, окутуучулар, институтта даярдалган орус, кытай,  жапон, англис жана кыргыз тили адистиктеринин студенттери жана башка өзбек, тажик, түрк  улутундагы студенттер катышты.

Окуу жайдагы ар улуттагы студенттердин  башын бириктирген бул салтанат бир нече улуттардын маданиятын чагылдырган концерттик программа менен коштолуп, таланттуу студенттер өнөрлөрүн тартуулашты. Мында катышуучулар  өз эне тилин жана  үйрөнүп  жаткан тилдерин даңазалоо максатында аталган улуттардын маданиятын, тилин, каада-салтын жана улуттук баалуулуктарын чагылдырышып, сахналык көрүнүштөрдү, ыр-бийлерди аткарышты.

Маалымат иретинде бул күн 1999-жылы Бириккен Улуттар уюмунун агартуу, илим жана маданият маселелери боюнча уюму – ЮНЕСКО тарабынан жарыяланып, ошондон бери жыл сайын маданий жана тил байлыгын өркүндөтүү максатында белгиленип келе жатат.  Окумуштуулар жер жүзүндө 7 миңден ашуун тил бар экенин айтышат. Анын 40тан көбү дүйнө жүзүнүн үчтөн эки бөлүгүндө сүйлөнөт. Эң көп колдонулганы кытай, англис, араб, испан, орус, португал, француз жана хинди тили саналат. Учурда 400дөн ашуун тил жоголуп кетүү коркунучунда. Илимпоздордун изилдөөсүнө ылайык, эки жумада бирден тил жоголот.

    

 

 

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro