Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун официалдуу сайты
» » ОГПИнин китепкөй студенттеринен майрамдык кече
22 февраль 2020
126

ОГПИнин китепкөй студенттеринен майрамдык кече

ОГПИнин китепкөй студенттеринен майрамдык кече

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун  китепканасында  23-февраль “Ата Мекенди коргоочулар” күнүнө карата майрамдык кече болуп өттү.  Аталган иш чара  китепканын кызматкерлери жана алар менен бирге китепкана менен тыгыз байланышта иш алып барган окурман, китепкөй студенттер тарабынан белгиленди.

Мында катышуучулар  көркөм окуп,  чыгармаларды аткаруу менен мекен жана аны коргогон эр азаматтар туурасында талкуу кылышып , эркин жагдайда жагымдуу маанай жаратышты.

Мырзаларды куттуктоо иретинде, ошондой эле китепкөй студенттер катарын арттырып, аларды китеп окууга үндөө максатында уюштурулган кече катышуучуларды сыйлоо менен жыйынтыкталды. Уюштуруу тобу ар дайым окуу залында китеп окуп, билимдүү жаштардын катарын толуктап келген студенттерге адабий китептерди белекке берип, окууларына ийгилик каалап кетишти.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro