Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун официалдуу сайты
» » Япон тилин сапаттуу үйрөтүүгө кадамдар...
15 февраль 2020
84

Япон тилин сапаттуу үйрөтүүгө кадамдар...

ОГПИ. Япон тилин сапаттуу үйрөтүүгө кадамдар...

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда  Япониядан  келген өкүлдөр Мацушима Нари айым жана Акита Саки, Имаи Маоки 11-14-февраль күндөрү  болушуп,  бир топ пландардын негизинде иш алып барышты. Алар 3 күн бою Ош шаарындагы япон тилин үйрөтүүчү окуу борборлорунун мугалимдерине семинар өтүшүп, ал эми  япон тилин окуп жаткан Ош МУнун жана ОГПИнин студенттерине мастер класстарды үйрөтүштү.

Бул иш сапарга жетекчилик кылган Нари айым Япониядагы япон тилин уйротуучу мугалимдеринин ассоцияциясынын төрайымы, Васеда Университетинин япон тилин изилдоо борборунун жана  Токио Денки университетинин Эл аралык байланыштар центринин озгочо инструктору жана Мусашино Университетинде иште колдонулуучу япон тили боюнча адиси болуп эмгектенет. Ал Ош жергесине келип, окуу жай менен бирге иш алып барып жатканына кубанычта экенин билдирди.

Мында семинар жана сабактардан тышкары окуу жайдагы япон тилин окуп жаткан  студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды. Ага ректор Бекмурза Зулуев катышып, келген конокторго ыраазычылыгын билдирүү менен бул борбордо иш алып барып жаткан окутуучу жана студенттерге ийгилик каалап өттү. Учурда борбордо 1 жылдан бери япон тилин үйрөнүп жаткан студенттер алдыда Японияга баруу максатын ишке ашырууга аракет кылып жаткандарын айтышат.  

Белгилей кетсек институтттун алдында ачылган “Японияга жумушка орноштуруу” борбору бир жылдан бери алгылыктуу иштерди жүргүзүп, ал арада Кыргызстан менен Япониянын байланышын бекемдөө, студенттерди аталган өлкөгө жөнөтүү иштери жүзөгө ашуу алдында турат. Аталган борбордун директору катары Жийдеш Мамашева ОГПИнин студенттери Япон тилине болгон кызыгуусун жогорку денгээлде көрсөткөнүн айтып,  алдыда байланышты бекемдөө үчүн мыкты иш алып бараарын өз сөзүндө баса белгилеп кетти.

 

 

 

 

 

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro