Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун официалдуу сайты
» » ОГПИде АРДАГЕРЛЕР ОРТОСУНДА РАЙОНДОР АРАЛЫК МЕЛДЕШ ӨТТҮ
17 февраль 2020
81

ОГПИде АРДАГЕРЛЕР ОРТОСУНДА РАЙОНДОР АРАЛЫК МЕЛДЕШ ӨТТҮ

ОГПИде АРДАГЕРЛЕР ОРТОСУНДА РАЙОНДОР АРАЛЫК МЕЛДЕШ ӨТТҮ

23-февраль Мекенди коргоочулар күнүнө  жана 2020-жыл Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына карата Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда волейбол боюнча мелдеш болуп өттү. Мелдеш аймактар арасында достук мамилени бекемдеп, коомго сергек жашоонун образын жайылтуу максатында  40 жаштан жогорку курактагы эркектер ортосунда уюштурулган. Аталган достук мелдешке Ала-Бука, Кара-Кулжа, Лейлек, Алай,  Өзгөн райондорунан  жана ОГПИден куралган командалар катышып,  жогорку деңгээлде оюн көрсөтүштү.

Аталган ардагерлердин достук таймашы салтка айланып 5 жылдан бери уланып келет. Иш чаранын демилгечилери - Ош эл аралык аэропортунун кызматкери Каныбек Ныязалиев, “Отор ойл” фирмасынын президенти Курсант Сатыбалдыев жана ОГПИнин ректору Бекмурза Зулуев бул жолку мелдешке жалпы 100 000 сомдук байге фондун уюштуруп беришти.

Орто жана андан жогорку курактагы мырзалардын катышуусундагы бул жолдоштук беттеш Күйөрмандардын  бүйүрүн кызытып, жогорку деңгээлде уланды. Оюндун жүрүшүндө мыкты оюн алып барган командалар женишке жетишип, жыйынтыгында байгелүү 3-орунду Карагуз (Кара Кулжа), 2-орунду Чалма (Кара Кулжа) ал эми башкы-орунду ОГПИ командасы багындырып, баалуу белек жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro