Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун официалдуу сайты
» » ЭЛ АРАЛЫК КИТЕП БЕЛЕККЕ БЕРҮҮ КҮНҮ ЖОГОРКУ ДЕҢГЭЭЛДЕ БЕЛГИЛЕНДИ
15 февраль 2020
96

ЭЛ АРАЛЫК КИТЕП БЕЛЕККЕ БЕРҮҮ КҮНҮ ЖОГОРКУ ДЕҢГЭЭЛДЕ БЕЛГИЛЕНДИ

ОГПИде ЭЛ АРАЛЫК КИТЕП БЕЛЕККЕ БЕРҮҮ КҮНҮ ЖОГОРКУ ДЕҢГЭЭЛДЕ БЕЛГИЛЕНДИ

Бүгүн Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда окуу жайдын 95 жылдыгына жана 14-февраль эл аралык китеп белекке берүү күнүнө карата  факультетер ортосунда студенттер аралык  “Акыл ордо” интеллектуалдык оюну болуп өттү.

Аталган иш чара студенттерди китеп окууга чакыруу, билимдүү жаштардын ар тараптуу мүмкүнчүлүккө ээ болуп жатканын жайылтуу максатында институтун  Жаштар комитети тарабынан уюштурулду.

Мында окуу жайдын ар бир факультетинен тандалып алынган студенттик командалар ат салышып, жаштар өздөрүнүн билим деңгээлин, ой жүгүртүү чеберчилигин  жана акыл чабытын жогорку деңгээлде көрсөтө алышты.  Оюнга жалпы алты команда катышып, алар жобого ылайык  “Жалпы суроо”, “Сыр сандык”, “Сүрөттөр сурайт” жана  “Тест менен иштөө”  багыттары боюнча таймаш курушуп, мыктылар аныкталды.  Студенттердин акылын аныктаган аталган оюн турдүү багыттагы  маанилүү курч суроолор, кызыктуу жооптор менен коштолуп жыйынтыгында байгелүү 3-орунга  Гуманитардык факультети, 2-орунга Табият таануу жана география факультети  ал эми башкы 1-орунду Колледждин командасы  камсыздады.

Иш чаранын жыйынтыктоо бөлүгүндө окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев студенттерибизге дем-күч берип, туура жолго багыт көрсөтүп жаткан бул сыяктуу иш чаралар үзгүлтүксүз болоорун айтуу менен жеңүүчүлөрду куттуктап баалуу белектерди, дипломдорду тапшырды.

Эскерте кетсек бул күндүн урматына буга чейин да студенттер арасында китеп окуу сынагы өтүп, анда улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун “Тоолор кулаганда” чыгармасы боюнча тест өткөрүлгөн. Бүгүнкү иш чарада ал сынактын жыйынтыгы да аныкталып, женүүчүлөргө белек катары  томдук китептер, дипломдор ыйгарылды.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro