Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун официалдуу сайты
» » Билим берүүдөгү көйгөйлөр талкууланды
17 февраль 2020
196

Билим берүүдөгү көйгөйлөр талкууланды

ОГПИде жумуш берүүчүлөр менен жолугушуулар уланууда

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун Математика жана компьютердик технологиялар факультетинде иш берүүчүлөр жана бутүрүүчүлөр менен жолугушуу болду.

Иш чара жогорку билим берүүнүн жаңы талаптарына ылайык учурда даярдалып жаткан болочок адистерди татыктуу кадр кылып даярдоонун үстүндө иштөө максатында уюштурулду. Жолугушууга жалпы эле билим берүү мекемелеринен өкүлдөр, факультетти аяктаган математика, информатика адистигинин бутүрүүчүлөрү жана окуу жай жетекчилиги катышып, адис даярдоодогу, бүтүрүүчүлөрдүн билим сапаты, алардын жумушка жайгашуусу жана ОГПИнин миссиясы боюнча кенен талкуу кылышты. Муну менен катар райондордон, шаардан  келген билим берүү башкармалыктарынын өкүлдөрүнөн бир нече сунуш-пикирлер айтылып, ал арады мектептерде кадрлардын жетишсиздиги, мыкты бүтүрүүчүлөр мугалимдик кесипте иштебей чет жактарга агылып жаткандыгы жана көп тилдүү адистердин зарылдыгы тууралуу сөз болду.

Белгилей кетсек окуу жайдын башка факультеттеринде да бул сыяктуу иш чаралар уюштурулуп, жалпы билим берүүдөгү көйгөйлөрдү чечүүнүн үстүндө алгылыктуу иштер журүүдө.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro