Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун официалдуу сайты
» » ОГПИнин Япония менен кызматташуусу артууда
23 январь 2020
273

ОГПИнин Япония менен кызматташуусу артууда

 

ОГПИнин Япония менен кызматташуусу артууда

Ош гуманитардык-педагогикалык институтуна Япония өлкөсүнөн коноктор келип, окуу жай жетекчилиги менен жолугушту.

Япониянын ири компанияларынан  келген өкүлдөр  окуу жай менен Япониянын мындан аркы  байланышын бекемдеп, карым-катнашын арттыруу максатында келишип, бир топ маселелер боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрдү. Ошону менен бирге учурда япон тили курсунда билим алып жаткан студенттерди Японияга практикага жөнөтүү, жумушка жайгаштыруу иштерин жакшыртуу боюнча  жеңилдетилген келишимдер каралды.

Мындан тышкары студенттерге Япониянын тарыхы тууралуу япон тилинде бир топ жеңилдетилген китептерди жана анимелерди белек кылуу менен, мындан ары окуу материалдары менен камсыз кылып тураарын айтышты. Ошондой эле алдыда Япон-медиа классын ачуу планы ишке ашаарын белгилей кетишти.

Белгилей кетсек институтттун алдында ачылган “Японияга жумушка орноштуруу” борбору бир жылдан бери алгылыктуу иштерди жүргүзүп, ал арада Кыргызстан менен Япониянын байланышын бекемдөө, студенттерди аталган өлкөгө жөнөтүү иштери жүзөөгө ашты.

 

 

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro