Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун официалдуу сайты
» » Студенттер үчүн дагы бир жагымдуу жаңылык...
22 январь 2020
229

Студенттер үчүн дагы бир жагымдуу жаңылык...

 ОГПИ. Студенттердин кышкы эс алуудан келишине жагымдуу жаңылык

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун  студенттик жатаканасына жаңыдан жылуулук берүү системасы тартылып, ишке кирүү алдында турат. Учурда эки имараттан турган жатаканага бардык тиешелүү жылуулук берүүчү каражаттар, заманбап печкалар орнотулуп, соңки иш аракеттер жүрүүдө.

Белгилей кетсек 2019-жылдын ноябрь айында окуу жайдын өздүк жылуулук берүү борбору жаңыдан ишке кирип, окуу имараттарын толук жылуулук менен камсыздаган. Эми пландын негизинде студенттик жатаканага да түтүкчөлөр тартылып, жашоочулардын ыңгайлуу жашоосуна шарттар жаралды. Жатакана буга чейин электр энергиясынын жардамында  жылуулук менен камсыздалып келген.

 

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro