Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун официалдуу сайты
» » “Кыргыз жараны-жарандык улутту куруу” концепциясы талкууда...
18 декабрь 2019
180

“Кыргыз жараны-жарандык улутту куруу” концепциясы талкууда...

“Кыргыз жараны-жарандык улутту куруу” концепциясы талкууда...

17- декабрь күнү Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда өлкөбүздө жашаган бир топ улуттун өкүлдөрүнүн катышуусунда “Кыргыз жараны- жарандык улутту куруу” концепциясынын долбоорун талкулоо конференциясы болуп өттү.

Конференцияга  Кыргызстан Элинин Ассамблеясынын Оштогу бөлүмүнүн төрагасы Балтагул Нурунбетов, КРнын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Эрмек Тойгонбаев, КРнын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махамадов, Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров катышып, жыйындын жүрүшүндө экспорт катары келген  Абылабек Асанканов   президиумда баяндама жасады.  Бул менен бирге Кыргыз Республикасындагы этностор аралык мамилелерди талдоо максатында этностор аралык мамилелерди мамлекеттик укуктук жактан жөнгө салуу, мамлекеттик тилдин бириктирүүнүн ролу жана тилдик көп түрдүүлүктү өнүктүрүү жана жалпы жарандык бирдейликти калыптандыруу боюнча  бир топ маселелердин үстүнөн  катышуучулар жалпы талкуу кылышты.

Андан соң иш чара суроо-жооп форматында уланып, Кыргыз жараны аталган башка улуттун өкүлдөрү тарабынан берилген бир топ негиздүү суроолорго тийиштүү адистер жооп беришип, конференцияны ийгиликтүү жыйынтыкташты.

   

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro