Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун официалдуу сайты
» » Ошто студент кыздардын достук мелдеши өттү...
16 декабрь 2019
135

Ошто студент кыздардын достук мелдеши өттү...

Ошто студент кыздардын достук мелдеши өттү...


14-декабрь күнү Ош гуманитардык-педагогикалык институтунунда өлкөнүн Түштүк аймагындагы ЖОЖдордун кыздары ортосунда спорттун волейбол түрү боюнча биринчилик болуп өттү. Буга Жалал-Абад, Баткен жана Ош облусундагы бардык жогорку окуу жайларынын командалары катышып, кызуу оюн көрсөтүштү. 
Бул тууралуу ОГПИнин кыздар командасынын башкы машыктыруучусу Мирадилбек Орозматов маалымат берди. Анын айтымында кыздар ортосунда волейбол боюнча мелдеш жыл сайын 2 гана жолу болгондуктан, алардын спортко болгон кызыгуусун басаңдатпай мындан ары арттыруу жана сергек жашоого үндөө максатында окуу жайлардын машыктыруучулардын уюштуруусу менен өтмө кубок катары айлампа түрдө өткөрүп жатабыз дейт. 
Кыздардын кызуу беттеши алардын волейбол чебери экенин далилдеди. Таттуу таймаштын жыйынтыгы жеңүүчүнү аныктап, 3-орунга Кыргыз-Өзбек университети, 2-орунга Ош гуманитардык-педагогикалык институту ээ болсо, ал эми 1-орунду Ош мамалекеттик университетинин "Ак-Буура" кыздар курама командасы багындырып, уюштуруу тобу тарабынан кубок, диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланышты.
Эскерте кетсек мелдеш буга чейин Ош мамлекеттик университетинде болуп өтүп, бул жолу Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда уюштулууда. Ал эми мындан кийинки кезек Кыргыз-Өзбек университетине өткөрүлдү.

   

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro