Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун официалдуу сайты
» » ОГПИде АДАБИЯТ ЖУМАЛЫГЫ КЫЗУУ УЛАНУУДА...
14 декабрь 2019
130

ОГПИде АДАБИЯТ ЖУМАЛЫГЫ КЫЗУУ УЛАНУУДА...

ОГПИде АДАБИЯТ ЖУМАЛЫГЫ КЫЗУУ УЛАНУУДА...

12-декабрь “Улуттук адабият күнүнө” карата Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда  жарыяланган  жумалыктын негизинде маданий иш чаралар, интеллектуалдык оюндар жана ачык-тарбиялык сааттар уюштурулуп жатат. Аталган жумалыктын алкагында  Кыргыз-Россия факультетинин “Кыргыз тили жана адабияты” кафедрасынын окутуучусу Гүлбурак Бакирова “Адабият дүйнөсүндө” аттуу адабий викторина өтүп, ал сынак катары окуу жайдын Гуманитардык жана Кыргыз-Россия факультетинин студенттеринин ортосунда болду. Адабият ааламында өз билимин сынаган студенттердин кызуу сынагына аталган факультеттин жетекчилиги катышты.

Сабактын жүрүшү Ч.Айтматовдун чыгармалары тууралуу болуп, анда капитандар жарышы, Брейн-ринг “цифра-12” суроолор дасмиясы, “Адабий фразалар” аталышында көркөм окуу жана ар кандай усулдук оюндар ойнолду.

Жыйынтыгында адабият дүйнөсүндө студенттердин түшүнүгү кенен жайылып, залкар жазуучунун чыгармаларынын жардамында терең билимге ээ болуп жаткандыгы даана байкалды.

 

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro