Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун официалдуу сайты
» » Студенттердин санариптик сабаттуулугу канчалык?
13 декабрь 2019
138

Студенттердин санариптик сабаттуулугу канчалык?

Студенттердин санариптик сабаттуулугу канчалык?

2019-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылынын алкагында окуу жайда жарыяланган атайын пландын негизинде түрдүү иш чаралар өткөрүлдү. Аны улай бүгүн Ош гуманитардык-педагогикалык-институтунун Музыкалык-педагогикалык факультетинде “Педагогика” кафедрасынын улук окутуучусу Чынара Акматованын  жетекчилигинде “Санариптик сабаттуулук” деген темада ачык-тарбиялык саат болуп  өттү.

Сабактын жүрүшүндө санариптин пайдалары анын жашообузга тийгизген терс таасирлери, телефон, интернет кантип пайда болгондугу жана интернетти колдонуудагы коопсуздук эрежелери тууралуу маалыматтар айтылып, кошумча слайд, видео роликтер көрсөтүлдү. Өзгөчө  билим берүү системасындагы санариптештирүү туурасында талкуулар жүрүп, студенттер  сахналык көрүнүштөрдү аткарышты. Ошол менен бирге IT тармагындагы бир топ көйгөйлөрдү көтөрүшүп, бирок замандын талабына ылайык техникалык каражаттарды туура жакка пайдалануу өзүбүздөн көз каранды экенин белгилешти.

Ушул сыяктуу бир топ кызыктарга толгон бул сабактын башкы максаты студенттердин санарип тууралуу ой жүгүртүүсүн өнүктүрүп, аны коомдо туура пайдаланууга үндөө болуп саналат.

Иш чарага аталган факультеттин жетекчилиги жана студенттер катышып, жаңы маалыматтарга ээ болуу менен, сабактын  жогорку деңгээлде өткөндүгүн баса белгилеп, катышуучу студенттердин билимин баалашып жана сабакты өзгөчө чеберчилик менен өткөн мугалимге ыраазычылык билдиришти.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro