Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун официалдуу сайты
» » ӨКМнин адистери ОГПИде...
13 декабрь 2019
103

ӨКМнин адистери ОГПИде...

ӨКМнин адистери ОГПИде...

Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана алардан коргонуу максатында Ош гуманитардык педагогикалык-институтунун студенттери  тийиштүү адистер менен жолугушту. Бул жолугушуу окуу жайдын ректору жана Жарандык коргонуунун башчысы тарабынан уюштурулуп, конокто КРнын ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Жарандык коргонуу бөлүмүнүн жетектөөчу адиси Асанбек Матисаков жана аталган башкармалыктын өрт өчүрүү, алдын алуу жана авариялык куткаруу иштери бөлүмүнүн офицери, улук лейтенант Нуртилек Кубанычбек уулу болуп, студенттерге керектүү маалыматтарды беришти. Бул менен бирге  өзгөчө кырдаалдар катталганда жарандардын жүрүм-турум жана өрт коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Өмүр коопсуздугу ар бир адамдын өз колунда экендиги эскертилип, андан кантип сактануу керектиги, алдын алууга кандай чаралар көрүлүшү зарыл  болгондугун тастыктап өтүштү.

Мындан сырткары иш чаранын алкагында катышуучулар тарабынан бир канча суроолор берилип, адистер тарабынан тийиштүү жооптор айтылып, жолугушуу жогорку деңгээлде коштолду.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro