Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун официалдуу сайты
» » ОГПИде “Улуттук адабият күнү” белгиленди...
12 декабрь 2019
112

ОГПИде “Улуттук адабият күнү” белгиленди...

ОГПИде “Улуттук адабият күнү” белгиленди...

Өзгөчө көркөм дүйнөнү өзүнө камтыган адабият бул адамдардын руханий байлыгы. Дал ушул адабияттын беделдүү инсандары болгон аалам алпыү. Ч.Айтматов менен А.Осмоновдун талантын даңазалоо максатында бүгүн Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда адабий-чыгармачылык кече болуп өттү. Аталган  кече институттун  Кыргыз-Россия факультетинин “Кыргыз тили жана адабияты” кафедрасы тарабынан уюштурулуп, ага окуу жайдын ректору Б.Б.Зулуев баштаган жетекчилик жамаат жана окутуучу, студенттер катышты.

Иш чаранын жүрүшүндө залкар жазуучунун чыгармаларынан сахналык көрүнүштөр аткарылып, аны улай акындын калемине таандык обондуу  ырлардан  студенттер ырдашып, адабият ааламына баш бага көркөм кечени жаратышты.

Кеченин соңунда адабият күнүнө арналган атайын жумалыктын негизинде уюштурулган  тесттин жана интеллектуалдык оюндун жыйынтыгы чыгарылып, анын негизинде жеңүүчүлөр аныкталып жетекчилик тарабынан диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Белгилей кетсек 12-декабрь “Улуттук адабият күнү” деп 2011-жылы Кыргыз өкмөтү тарабынан жарыяланып, адабияттын ири өкүлдөрү болгон Ч.Айтматов жана А.Осмоновдун урматына белгиленип келе жатат.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro