Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун официалдуу сайты
» » Интеллектуалдар таймашы
6 декабрь 2019
122

Интеллектуалдар таймашы

Интеллектуалдар таймашы

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда факультеттер ортосунда “Акыл ордо” интеллектуалдык оюну болуп өттү. Бул иш чара окуу жайдын Жаштар комитети тарабынан “12-декабрь-Адабият күнүнө” карата уюштурулуп, ага  ар бир факультеттин окутуучалары жана студенттери катышып, интеллекталдардын таймашына күбө болушту.

Оюнда жалпысынан 6 команда ат салышып, алар жободо берилгендей  4 турдун негизинде өздөрүнүн билим деңгээлин көрсөтө алышты. Кыйындардын кызуу таймашы жыйынтыгында  чыныгы билимдүүлөрдү аныктап,   3-орунга Гуманитардык факультет, 2-орунга Колледж бөлүмү, ал эми  1-орунга Кыргыз-Россия факультети жетишип, баш байгени багындырды. Бул менен бирге таймашка  активдүү катышкан командалар да дилом жана баалуу белектер менен сыйланышты.

 

     

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro