Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун официалдуу сайты
» » 8 жашында Америкага кеткен Э.Адылбеков ОГПИде
15 февраль 2019
438

8 жашында Америкага кеткен Э.Адылбеков ОГПИде

8 жашында Америкага кеткен Э.Адылбеков ОГПИде

15-февраль ОГПИнин Гуманитардык факультетинде “English zone” англис тилин окутуу  борборунун негиздөөчүсү Эрнис Адылбеков жана “Accelerate prosperity” эл аралык уюмунун менеджери Акылай Каримова менен студенттердин жолугушуусу болду.

Аталган иш чара студенттерге окуудан тышкары өзүнүн үстүндө иштөөгө багыт берүү, ой жугүртүүлөрүн өстүрүү, дүйнөлүк аренадагы адис болуп калптануусуна шарт түзүү жана тил үйрөнүүнүн актуалдуулугу жогору экендигин жайылтуу максатында “Accelerate prosperity” эл аралык уюму жана факультеттин деканаты тарабынан уюштурулду.

Жолугушууга  факультеттин англис тили адистигинде окуган жана башка факультеттердин активдүү студенттери катышып, алгач келген коноктордун  “Англис тили – ааламга көпүрө” деген аталыштагы  баяндамасына  күбөө болушту. Ошону менен бирге Эрнис өзү негиздеген “English zone” борбору, анын негиздөөгө себеп болгон өзүнүн кызыктуу тарыхы, басып өткөн жолу жана борбордун ишмердүүлүгү боюнча  ой бөлүшүп, жаштарга өзгөчө таасир калтырды. Жолугушуу  суроо-жооп тартибинде уланып, жаштар өздөрүнүн кызыккан түрдүү суроолоруна кызыктуу, маанилүү жоопторду ала алышты.

Эскерте кетсек Эрнис Адылбеков 8 жашында Ата-энеси менен Америка Кошмо Штатына кетип, бир топ жыл ал жакта жашап келген. Ал арада жаш бала башынан тил үйрөнүү жаатында абдан татаал жана кызыктуу окуяларды башынан өткөрүп,  алган катуу таасирлеринен улам тен туштарынын арасында бир топ ой жүргүртүүгө ээ адис болуп калптанат. Англис тилин китепсиз, оозеки үйрөнүп келген Эрнис мырза  Борбордук Азиядагы Америка университетинде саясат таануу багыты боюнча жогорку билимге ээ болгон. Университетти аяктагандан сон өз кесиби боюнча иш алып барбай жашынан Америкада окуп, тилди суудай билип калгандыктан кыргыз жаштарына англис тилин үйрөтүү максатын ишке ашырып, “English zone” англис тилин окутуу  борборун негиздейт. Бул аралыкта Эрнис  бул борбор аркылуу миңдеген жаштардын тил үйрөнүүсүнө себеп болуу менен жеке бизнесс ишин мыкты жолго салат. Учурда “English zone” борбору Бишкек жана Ош шаарларында эки миңден ашык жаш досторго билим берип келүүдө.

 

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro