Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун официалдуу сайты
» » ОГПИнин мыкты студенттери 7 дубанда саякатта.
9 январь 2018
5 579

ОГПИнин мыкты студенттери 7 дубанда саякатта.

ОГПИнин мыкты студенттери 7 дубанда саякатта.

5-11-июль күндөрү ОГПИнин факультеттеринен тандалып алынган 20 студенттен турган “Жаштык” кербени  окуу жайдын атайын эсебинен Кыргызстандын тарыхый-маданий жерлерине экскурсияга чыгып келишти.

Аталган саякат окуу жайдын ректору, профессор Б.Б.Зулуевдин демилгеси менен институтту ар тараптан башкаларга тааныткан спорттун, чыгармачылыктын окуунун мыктыларына колдоо көрсөтүү максатында, “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата юштурулду. Мында студенттер Жалал-Абад, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы тарыхый жайлар, музейлер, маданий борборлор ж.б. көрүнүктүү жайлар менен жакындан таанышып кайтышты.

Саякат учурунда студенттер буга дейре жөн гана угуп, ал эми  азыр өз көздөрү менен көрүп турушкан тарыхый жайлар менен, кербендин жетекчиси ОГПИнин “Тарых” кафедрасынын окутуучусу Канат Казакбаевдин тааныштыруусунда  ал жайлардын келип чыгуусу, тарыхый окуялары боюнча кенен маалыматка ээ болушту.

Эскерте кетсек бул саамалык окуу жайдын тарыхында алгачкы жолу уюштурулду. Мындан кийин окуу жылынын жыйынтыгы менен жыл сайын салтка айланаарын жана ушул эле кербендин негизинде чет өлкөлөргө да жөнөтүлөрү ректор тарабынан белгиленди.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro