Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун официалдуу сайты
» » Студенттер – бирдиктүү өлкө үчүн.
9 январь 2018
2 345

Студенттер – бирдиктүү өлкө үчүн.

Студенттер – бирдиктүү өлкө үчүн.

14-18-июнь күндөрү К.Тыныстанов атындагы Ысык Көл мамлекеттик университетинде “Студенттер – билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн” аттуу студенттердин Республикалык достук фестивалы өтүп, ага ОГПИнин ректору, профессор Б.Б.Зулуев жана чыгармачыл студенттик топ ийгиликтүү катышып келишти.

Иш чарада студенттер атайын жобого ылацык саламдашуу, манас айтуу, улуттук жана дүйнө элдеринин бийи, сахналык көрүнүш, поезия, фольклордук жана эстрадалык жанрлар боюнча сахнада өздөрүнүн чыгармачылыктарын тартуулашып, жыйынтыгында ОГПИнин студенттери өзгөчө катышкандыгы үчүн баалуу белектер жана диплом менен сыйланышты.

Фестиваль 3 күнгө уланып, студенттердин сынагынан тышкары окуу жайга жана Ысык Көл жергесинин көрүнүктүү жайларына, музейлерге экскурсия уюштурулду.

Эскерте кетсек аталган саамалык жети облустагы ЖОЖдордун ички мобилдүүгүгүн өстүрүү жана кызматташтык алаканы  бекемдөө максатында өткөн жылы Ош мамлекеттик университетинин уюштуруусу менен башталган. Ал эми кийинки 2018-жыл Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда өтө тургандыгы, бүгүнкү фестивальдын алкагындагы ректорлордун атайын отурумунда белгилүү болду.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro