Бүтүрүчүлөр менен жолугушуу
2018-окуу жылында “Математика жана компьютердик технологиялар” факультетининин кафедралары тарабынан уюштурулган бүтүрүчүлөрдүн жолугушуу кечеси болуп өттү. Жалпы келген бүтүрүүчүлөр БАЗда талантуу студенттердин коштоосунда чакан концертке күбө болушуп аларга суктануу менен карап отурушту. Андан соң “Математика” адистигин бүтүрүүчүлөрү кафедранын мугалимдери, студенттери менен биргеликте 304-канаада эки саатка созулган маек курушту. Жалпы он бир бүтүрүүчү келип катышып ар бири кайсыл жерде иштеп жаткандыгын, жаңы ишке киргенде эмнелерден кыйналгандыгын жана студент кезде татыктуу билим алыш керектигин баса белгилеп айта кетишти. “Математика” адистигинин студенттери тарабынан берилген суроолорго кезектешип жооп беришип, өздөрүнүн студент кездеги башынан өткөн кызыктуу окуяларын айтышып бир жылмайып да алышты.