Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун официалдуу сайты
29 ноябрь 2020
129

Ата-энелер менен жолугушуу

 

      2018-окуу жылында  математика адистигинде окуп жаткан студенттердин ата-энелери менен жолугушуу болуп өттү.  Жалпысынан 25  жакын ата-эне келип   катышты.  Ата-энелер келип регистрациядан өткөндөн кийин окуу жай менен таанышышып, балдарынын кандай шартта билим алып  жаткандыгы тууралуу маалымат алышты.  ОГПИнин  БАЗында “Математика жана компьютердик технологиялар” факультетинин таланттуу студенттеринин коштоосунда чакан концертке күбө  болушту жана жакшы окууган, активдүү студенттерге ардак грамоталар тапшырылды.   Андан соң  “Математика” адистигинде окуп жаткан сдуденттердин ата-энелерин бөлүп алып,  304-канаада кафедранын  окутуучулары менен чай үстүндө  маек курушту. Ата-энелерге балдарынын билим сапаты тууралуу, үйдө отуруп AVN системасы аркылуу  балдарынын кайсыл сабактан кандай баа алып жаткандыгын  кантип  көрсө боло тургандыгы жөнүндө кенен маалымат берилди. Иш чаранын жыйынтыгында уюштуруу тобу жалпы келген  ата-энелерге ыраазычылык билдирүү  менен мындан ары тыгыз иш алып барып,  кандай маселе болсо түз байланышка даяр экендигин белгилеп өттү.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro