Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун официалдуу сайты
» » » Тарых кафедрасы
16 январь 2020
242

Тарых кафедрасы

 

2019-жылдын  15- ноябрь  күнү  Жолдошева Анара  Т-17 тайпасына  “ Студенттик күндөрүм аттуу”   ачык  тарбиялык  саат өттү.  Анда  студенттер  студенттик  күндүн  тарыхына  токтолушту  жана  бийлер, ырлар жана  кызыктуу  оюндарды  уюштуруу  менен  катышу  учуларга  жакшы  таасир  калтырышты.

 

 

2019-жылдын  19-20-ноябрга чейин Бишкек  шаарындагы И.Арабаев атындагы Кыргыз  Мамлекеттик университетинде  Кыргызстандагы «тарых» адистигин даярдаган жогорку окуу жайларынын арасында  өтүүчү  студенттердин Республикалык олимпиадасына Жолдошева А.А., Ажимаматова Ү.С. Т-17 тайпасындагы  төмөндөгү студенттерге  жетекчилик  кылып  II  орунду  камсыздап  келишти.

1.Адылбекова Айтбү

2.Эркебай кызы Кылымбү

3.Тимур кызы Элнура

4.Хакимжан уулу Жоомарт

 

 

 

2019-жылдын    10- декабрда мамлекеттик ишмер  А.Орозбековдун  130 жылдыгына  карата Бишкек шаарындагы  И.Арабаев  атындагы   КМУнун  “Билге”  студенттик  уюму   уюштурган  “Билге”  билим  таймашы  Жогорку  окуу  жайлардын  студенттеринин  арасында   өткөрүлгөн  билим  таймашында  Т-17 тайпасынын  төмөнкү студенттери  катышып,  25 команданын  ичинен  II  орунду  камсыздашты. 

1.Арали  кызы Майрамгүл

2.Рахматилла  кызы  Айгерим

3.Тимур  кызы  Элнура

4.Эркебай  кызы  Кылымбү

 

 

 

2019-жылдын 20- сентябрь  күнү  тарых  адистигинин  куратору  Ажимаматова  Үмүтай  Т-19 тайпасынын   (1-курс)  студенттери менен  Мамлекеттик  тилдин  30 жылдыгына  карата  “Улут  болсом  тилим  менен  улутмун” деген  темада  ачык  тарбиялык  саат өткөрдү. Анда  студенттер  тилди  даңазалаган  ыр  саптарын , макал- лакаптарды, манас айтуу,  бий, көркөм  окууларды  жана  тилди  кабыл алуу  мыйзамынын  тарыхына  токтолушту

 

2019-жылдын  2-октябрь күнү саат  1400-дө  102-каанада Тарых  адистигинин  бүтүрүүчүлөрү менен   окуу  планына өзгөртүүлөрдү  жана  сунуштарды  киргизүү  боюнча  талкуу болду.Окуу  планын  талкулоого  окуу  бөлүмүнүн башчысы  б.и.к., доцент Абсатаров  Р.Р., Тарых  адистигинин  бүтүрүүчүлөрү Акматов Керимбек, Фазилидин  кызы  Бактыгүл, Биймамат  кызы  Каухар, Акматали уулу   Самат, Козукеев  Уларбек, Абдыллаев  Нурмамбет жана  башка бүтүрүүчүлөр жана  кафедранын  профессордук – окутуучулук  курамы  катышышты.

 

2019-жылдын 30-октябрь күнү   Жолдошева  А. А.  Т-17 тайпасына   “Социалдык – экономикалык  билим  берүүнүн усулу  предметинен   «Мектепте  тарыхты  окутуунун  натыйжаларын  текшерүү жана  баалоо»  деген  темада  ачык  сабак  өттү. Ачык  сабак институт  денгээлинде  өтүп,  ОГПИнин  усулдук  кеңеши , ОГПИнин  окутуучулары  жана  кафедранын профессордук- окутуучулук  курамы  катышты. Сабак  жакшы  деп  бааланды

 

2019-жылдын   5-декабрь күнү Жолдошева  А. А., Ажимаматова  Ү.С. тарых  адистигинде  окуган  студенттер  үчүн  кружокту  жандандыруу  максатында  “Тарых” адистиги  тарабынан уюштурулган  “Жаш  тарыхчы” деген  интеллектуладык  билим  таймашын өткөрүлдү.  Таймашка  Т-19, Т-18, Т-17 тайпаларынын  активдүү  студенттери  катышып  деканат  тарабынан  студенттерге  сертификаттар  жана  баалуу  белектер  берилди

 

2019жылдын  17- декабрь  күнү көрүнүктүү  тарыхый  инсандар Алымбек  Датканын  220,  А.Орозбековдун  130, Т.Усубалиевдин  100 жылдык юбилейлерине  арналган “Кыргыз  мамлекеттүүлүгүнүн  түптөлүшүнө, калыптанышына жана  өнүгүүсүнө өзгөчө  салым  кошкон  инсандар”  аттуу  илимий – практикалык конференция өткөрүлдү.

Аталган конференцияда  тарых кафедрасы тарабынан уюштурулуп ага ОГПИнин ректору, профессор Б.Б.Зулуев, т.и.д., профессор Б.Нурунбетов, ОшМЮИнин т.и.д., профессору  Б.К.Абытов жана  ОшМУнун  т.и.к., доценти  С.А.Смадияров  жана  ОГПИнин  жана  кафедранын  профессордук -  окутуучулук курамы, тарыхчылары жана студенттер катышышып,  илимий  баяндамалар  жасалды

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro