Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун официалдуу сайты
» » » Кыргыз-Россия факультети
16 май 2013
15 939

Кыргыз-Россия факультети

Кыргыз-Россия факультети 2003-жылы 23-июлда Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин, А.И. Герцен атындагы Россия мамлекеттик педагогикалык университети жана А.Мырсабеков атындагы Ош гуманитардык – педагогикалык институтунун жогорку окуу жайлар ортосундагы кызматташуу келишими боюнча ОГПИнин Окумуштуулар Кеңешинин № 07.02. 110 / 2 (№ 5 чечим  5.5.пункт) чечиминин  негизинде ачылган.

                Факультет ачылган күндөн баштап өндүрүшкө зарыл кадрларды даярдоо ишинде өзүнүн ордун, багытын аныктап алды. Жогоруда аталган Россия Федерациясынын жогорку окуу жайлары менен катар Кытай Эл Республикасынын Шаньси провинциясындагы Бо-Ай Си Ань Эл аралык институту (10.10.2008-ж.) Синьзян Уйгур автономиялык Республикасынын /рүмчү шаарындагы Синьзян педагогикалык университеттери (30.06.2009-ж.) менен билим берүү, маданият, илим-изилдөө багытында достук, кызматташтык, өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү максатында келишим түзүп, эл аралык байланыштарды чыңдоодо.

                Си Ань Бо-Ай (КЭР) Эл аралык институтунда факультеттин кытай тили адистигинин студенттери: Асилбек кызы Насипа, Беделова Асел, Маданбаева Нурайым, Василжанов Зыярбек билимдерин өркүндөтүп, чет элдик билим берүү технологияларын үйрөнгөн алгачкы студенттерибизден болуп калышты.

                               Россия Федерациясынын Ош шаарындагы генералдык консулдугу, «Русский мир», ЮСАИД, ЮНИСЕФ, Сорос-Кыргызстан, АБР, ФПОИ, «Балдарды коргойлу» (Англия), «Инсан-Лейлек», «Таалим» ж.б. коомдук фонддор менен катар республикабыздын ЖОЖдору, чет өлкөлүк алдыңкы окуу жайлар, билим берүү жаатындагы фонддор, уюмдар менен байланыш түзүп, натыйжага багытталган эмгек аркылуу улам алдыга илгерилөө менен иш жүргүзүүдө.

                Факультет ачылган күндөн 2008-жылга чейин Унгефухт Надежда Константиновна декандык кызматты аткарса, 2008-жылдын апрелинен 2010-жылдары доцент Жороев Ташболот Абдыкаимович  эмгектенген, 2010-жылдан тартып педагогика илимдеринин кандидаты Даминова Инобат Даминовна иштеп  келе жатат.

                Кыргыз- Россия факультетинде Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик толук билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын негизинде жалпы билим берүүчү орто мектептер үчүн төмөнкү адистиктердеги мугалимдер даярдалат:

Адистик: 540301 «Кыргыз тили жана адабияты»,

Квалификация: Кыргыз тили жана адабияты окутуучусу,

Адистик: 540303 «Орус тили жана адабияты»,

Квалификация: Орус тили жана адабияты мугалими,

Адистик: 540304 «Чет тили, кытай тили»,

Квалификация: кытай тили мугалими.

                Адистиктерге даярдоодо окутуучулар жамааты натыйжаны көздөгөн, билимди практикада, социалдык турмушта колдонууга мүмкүнчүлүк берген окутуунун заманбап ыкмаларын колдонууну колго алышкан. Көпчүлүк окутуучулар билим берүү тармагындагы Эл аралык жана Ата Мекендик долбоорлордон өтүшүп, инновациялык, интерактивдүү методдорду билим берүү процессинде пайдаланышат. «Жарандык билим берүү», «Толеранттуулук», «Гендердик», «Сынчыл ойломду өстүрүү», «Инклюзивдик», «Сапаттуу билим» долбоорлорун өздөштүргөн окутуучулар дүйнөлүк билим берүү ыкмаларын өзүбүздүн мамлекетибиздин өзгөчөлүктөрүнө ыңгайлаштырып, билим берүү айдыңынан артта калбай эмгектенишүүдө. Натыйжада бизден билим алып жаткан студенттер жогорку окуу жайлар  аралык, регионалдык, шаардык окуу жайлар арасында өткөрүлгөн олимпиадалардын байгелүү орундарына татыктуу болушууда.

                Айрым окутуучулар Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, Кыргызстандагы алдыңкы окуу жайлардын окутуучулары менен биргеликте педагогикалык адистиктер боюнча жогорку окуу жайлардын мамлекеттик стандарттарын түзүүгө катышып жатат. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Азия өнүктүрүү банкы, № 0020KCZ (SF)  гранты PIHZ (Жаңы Зеландия) менен бирдикте «АБУ Консалт -Берлин» (Германия) компаниясы  Кыргыз Республикасындагы «Билим берүүнүн экинчи долбоору» жалпы билим берүүчү 5-9-класстар үчүн куррикулумду, билим берүү сапатын баалоо, окуу китептерин жана окуу материалдарын иштеп чыгууга катышышты.

                Студенттерге билим берүүдө окутуучуларыбыз окутуунун заманбап технологияларына гана көңүл бурбастан,  студенттер билим алган физикалык чөйрөнүн ыңгайлуулуктарына, заман талабына жооп берүүсүнө да көңүл бурушат.

Кыргыз тили жана адабияты адистигинде: «Мамлекеттик тил» каанасы, «Айтматовтаануу» борбору,  « Рух» борбору,  «Кыргыз тилин окутуунун усулу» каанасы, «Кыргыз адабияты» каанасы.

Орус тили жана адабияты адистигинде: «Орус тилинин практикалык курсу» каанасы, «Медиа» борбор, «Россиятаануу» борбору, «Орус тилин окутуунун усулу».

Кытай тили адистигинде: «Кытай тили» каанасы, «Кытай маданияты» каанасы иш жүргүзүп келүүдө.шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 Кийинки
ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro