Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун официалдуу сайты
2 декабрь 2013
5 486

Сыймыктуу бүтүрүүчүлөр

Кимсанов Куштарбек

- акын жана жазуучу. Кара-Суу районунун Топ-Терек айылында 1977-жылы 15-июнда туулган. 2000-жылы Ош гуманитардык педагогикалык институтунун педагогика факультетин, 2003-жылы Ош мамлекеттик университетинин филология факультетин, 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу Академиясынын «Мамлекеттик башкаруу» адистигин, «Магистр» академиялык даражасын аяктаган. 2000-жылга чейин Ош жогорку колледжинде лаборант, 2000–2003-жж. Ош шаарындагы №18-гимназия мектебинде башталгыч класстар жана кыргыз тили, адабияты мугалими, директордун тарбиялык иштер боюнча орун басары, 2001–2003-жж. Республикалык «Жаңы муун» гезитинде кабарчы, 2002–2004-жж. «Ош жаңырыгы» гезитинде кабарчы, ошол эле мезгилде Ош облустук мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунда лектор, Педагогикалык-маалыматтык «Кеменгер» гезитинин башкы редактору, 2005–2006-жж. Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү фондунун башкы адиси, 2007–2009-жж. Ош шаардык билим берүү башкармалыгында начальниктин орун басары жана Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Ош облустук бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил комиссиясынын «Кыргыз тили» төш белгиси менен сыйланып, 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жаштар сыйлыгынын дипломанты болгон. 1999-жылдан Кыргызстан Журналисттер союзунун, 2002-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

 

 

 

 

Кимсанов Куштарбек агайдын ырларынан

АТА-ЭНЕГЕ ДАҢК АЙТАМ!

 Кутман сыймык, дөөлөт, оомат билгенге,
Баары даңктайт, кайрылбагын кимдерге…
Ата-эненин улуулугун жар салам,
Мээрим менен шаттык курат дилдерге.

Баркы бийик, сөз жардыдыр дегеле,
Кымбаттыгы… аска-зоодой тимеле…
Өмүр бою сый-урматка бөлөнсүн,
Өзүн коюп, балам дешет ата-эне…

Ойлор учкул, сунбай неге картайтам,
Чындык ушул, анан кантип калп айтам?
Ар бирибиз кадырлайлы каректей,
Ата-энеге алкыш айтам, даңк айтам!!!

АПАМ КАРЫП КЕТИПТИР…


Барып келдим кечээ туулган жериме,
Байкуш апам кыйла карып кетиптир.
Алсызмын ээ, кылалмакмын эми не,
Жаштыгынын дарбазасы бекиптир.
Байкуш апам кыйла карып кетиптир.

Арыктаптыр денесинен эт качып,
Турчу мурда ай ж
үзүнөн от чачып.
Буга чейин болалбапмын жанында,
Же барбапмын ылдам-ылдам бат басып.
Турчу мурда ай ж
үзүнөн от чачып.

Ыйлап алдым, ыйлайм, жок бейм кайтарым,
Кайдан кайра мурдагыдай жаш болуу?..
Арман менен аягында айтаарым:
Карыбасын акылы, анан ойлору.
Кайдан кайра мурдагыдай жаш болуу?..

 

 

 

БИЗ ЭССИЗБИЗ


Апакебай, айылдасыз, биз шаарда,
Жол карайсыз ар мүнө
ттө, ар айда.
Акмакпыз ээ, биз билбейбиз аныңды,
Араң кээде бир барабыз алты айда.

Нан, чай, кантың коюп, барсак алдыга,
Чебелектеп ү
лгү
рөсүң баарына…
Мезгил
өтөт, ушул к
үндөр эскирет,
Анан кайдан бармак сенин алдыңа?!

Биз эссизбиз, эң
эссизбиз, эң тентек,
Ө
мүр с
үрсөк кана эли эми бир сен деп.
К
өп ойлойсуң, к
өп эстейсиң, не болмок,
Биз да сени дал ошондой эстесек?..


А П АКубанычыбызга жүү кабыргасы кайышып, балам деп турмуштун татаал жолдорунда далай майышып, колубузга тикен кирбешин тилеген АПАлар ар бир уул-кыз үү кандай шартта ардактуу адам катары аздектүү
Ылайым, ак элечек жамынган апаларга аалам мээримд
үүө
баскан кадамдары оомат менен жакшылык-жетишкендиктерди багынтсын.
Эч бир апа эч убакта баланын азабын тартпасын.
Ушул
ү аталышка акро ыр арнап, бардык апаларга ак ниетим, чын ыкласым менен таазим этем.


 




 

 

 

 

 

 



 

 

 

 

 

 

 

 

 


 

 

 

 

 

 

 

 

 

 


 





Шериев Жээналы Шериевич


Шериев Жээналы (1934, Карасуу району – 2002) – адабиятчы. Ош пединститунун филология факультетин бүтүргөн. "Азыркы кыргыз поэзиясынын маселелери” деген темада диссертациясын (1973) коргогон. Ал адабияттын тарыхын жана сын багытындагы эмгектери; жогорку окуу жайларынын-студенттери, мектеп окуучулары жана кыргыз адабияты мугалимдери үчүн атайын окуу процессине ылайыктап жазган китептери; Түштүк Кыргызстандын тил, адабият мугалимдерин даярдап чыгаруудагы эмгеги менен белгилүү. Анын иликтөө обьектиси байыркы жана орто кылымдардагы адабий мурастар; улуттук адабият тарыхы; азыркы адабият; адабияттын теориясы; адабияттаануу сөздүгү; кыргыз адабиятын окутуу проблемалары. Китептери улам толуктоолор менен үч ирет 1987–1994, 2003-жылдары басылып чыккан. Адабияттаануу багытындагы бул иштеринин уландысы анын ”Адабият таанууга киришүү” деген окуу программасында (11) жана "Адабият тааныткыч” деген окуу куралында (12) андан ары улантылган. Мындагы башкы өзгөчөлүк орус адабият таануусу менен кыргыз адабият илиминин жетишкендиктерин , студенттер үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү тил менен бул илимдин кыргызча концепцияларын, принциптерин, методологиясын иштеп чыккандык эле. Адабиятчы аалым жана атуул катары чыгармачылык изденүүлөрү анын "Байыркы орток түрк адабияты” деген хрестоматияда жана "Байыркы жана орто кылымдагы түрк адабияты” деген окуу куралында чагылдырылган.[thumb=left]https://ogpi.kg/uploads/posts/2013-12/1387336132_cardim780_11.jpg[/thumb]

 

 

 


 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Эрматов Эгемберди


Эгемберди Эрматов (Жетимиш Алиев) (Кадамжай (Фрунзе) районундагы Пум айылында 1951-жылы 10-июлда туулган) -акын, драматург жана журналист.
Өмүр баяны жана чыгармачылыгы
Орто мектепти Кызыл-Кыя шаарындагы мектеп-интернатта окуйт.
1970–1972-жж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
1970-жылы Ош педагогикалык окуу жайын,
1979-жылы Москвадагы М.Горький атындагы адабият институтун бүтүрүп,
Андан кийин «Кыргызстан маданияты» гезитинин адабий кызматкери болгон.
Э. Эрматов «Кыргыз руху» гезитинде, «Мурас», «Тулпар» журналдарында иштеген.
1990-жылдардын орто ченинде Кадамжай районундагы Көк-Талаа кыштагында жашайт.
Ал 2009-жылга чейин он жылдан ашык убакыт Баткен университетинин Кызыл-Кыя шаарындагы Педагогикалык институтунда дүйнөлүк адабияттан сабак берген.
2010-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен депутаты.
Чыгармалары 1970-жылдан басма сөздө жарыяланып, биринчи ырлар жыйнагы «Ак дил» деген ат менен 1979-жылы басылып чыккан. Акын «Шаар жана тоолук», «Өмүр издери», «Туяктын ыры», «Саймалуу таш», «Махабат», «Исфайрам авазы» аттуу ыр китептердин, «Мухаммед пайгамбар» деген дастандын, «Аксаткын менен Кулмырза» драмасынын автору. И.Чавчавадзенин чыгармаларын которуп басып чыгарууда тең автор болгон. Чыгыш акындарынын көбүн кыргыз тилине которгон.
1984-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

 

 

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРи


Ак дил: Ырлар жана поэма. – Ф.: Мектеп, 1979. – 60 б.
Шаар жана тоолук: Ырлар, поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 80 б.
Өмүр издери: Ыр китеп. – Ф.: Мектеп, 1984. – 80 б.
Туяктын ыры: Ырлар, поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1988. – 68 б.
Саймалуу таш: Ырлар. – Б.: Адабият, 1992. – 144 б.
Махабат: Тандалма ырлар, поэмалар, трагедия. – Б., 1995. – 431 б.
Мухаммед пайгамбар: Поэма. – Б., 2003. – 300 б.
Т.Кулатов: Публицистика. – Б., 2008. – 230 б.
Коюлган драмалары
Аксаткын менен Кулмырза - Нарын областтык М.Рыскулов атындагы муздрама театрында коюлган (1988-жыл).
Жаңыл Мырза - Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында коюлган (1993-жыл)
Наамдары
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (2003).
Кыргыз Республикасынын эл акыны (2011).

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 


 

 


 


 

 

Дене тарбия бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрү менен байланыш

 

Денетарбиябөлүмүачылганданбери 300 дөнашыкортокесиптикадистерди 500 дөнашыкжогоркубилимдүүадистердидаярдапчыгарды. Бул бүтүрүүчүлөрүбүз  Республиканын булуң бурчтарында бири мугалим бири машыктыргыч, бири Кыргыз армиясында кызмат өтөсө, дагы бири ички иштер бөлүгүндө, улуттук коопсуздук органдарында кызмат кылып келүүдө. бүтүрүүчүлөрдүн ичинде оор атилетика боюнча Республиканын курама командасынын катарында жүрүшкөн спорттун чеберлери Шумкар Осмоналиев, Мубарак Мамадалдиев . Валейбол боюнча Республикалык IIспортакиадасынын чемпиону. Бишкек шаарынын курама командасынын мүчөсү, спорт чебери Бакыт Атантайев. Бокс боюнча спорттун чебери Абдыгыны Пусуров, Нурлан Типенчиев, спорттун чеберине талапкер Бостонбай Манасов. Кибоксинг боюнча Кыргыз Республикасынын эки жолку чемпиону Кыргыз спортунун чебери Эркебай Абдыкадыров.

                        Жеңил атилетика боюнча орто дистанцияга чуркоодо спорт чебери Айбек Акматов Шотокан – Карате Абдижалил уулу Атайбек 2012-жылы Бүткүл дүйнөлүк IIIчемпионатты II орунду. 2013-жылы ушул эле деңгээлдеги 53 мамлекет катышкан IVчемпионатта III орунду ээлеп Кыргызстандын атын чыгарган.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro