Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун официалдуу сайты
2 декабрь 2013
8 874

Сыймыктуу бүтүрүүчүлөр

Кимсанов Куштарбек

 

 

Кимсанов Куштарбек - акын жана жазуучу. Кара-Суу районунун Топ-Терек айылында 1977-жылы 15-июнда туулган. 2000-жылы Ош гуманитардык педагогикалык институтунун педагогика факультетин, 2003-жылы Ош мамлекеттик университетинин филология факультетин, 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу Академиясынын «Мамлекеттик башкаруу» адистигин, «Магистр» академиялык даражасын аяктаган. 2000-жылга чейин Ош жогорку колледжинде лаборант, 2000–2003-жж. Ош шаарындагы №18-гимназия мектебинде башталгыч класстар жана кыргыз тили, адабияты мугалими, директордун тарбиялык иштер боюнча орун басары, 2001–2003-жж. Республикалык «Жаңы муун» гезитинде кабарчы, 2002–2004-жж. «Ош жаңырыгы» гезитинде кабарчы, ошол эле мезгилде Ош облустук мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунда лектор, Педагогикалык-маалыматтык «Кеменгер» гезитинин башкы редактору, 2005–2006-жж. Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү фондунун башкы адиси, 2007–2009-жж. Ош шаардык билим берүү башкармалыгында начальниктин орун басары жана Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Ош облустук бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил комиссиясынын «Кыргыз тили» төш белгиси менен сыйланып, 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жаштар сыйлыгынын дипломанты болгон. 1999-жылдан Кыргызстан Журналисттер союзунун, 2002-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.


Кимсанов Куштарбек агайдын ырларынан

 

АТА-ЭНЕГЕ ДАҢК АЙТАМ!


Кутман сыймык, дөөлөт, оомат билгенге,
Баары да
ңктайт, кайрылбагын кимдерге…
Ата-эненин улуулугун жар салам,
Мээрим менен шаттык курат дилдерге.

Баркы бийик, с
өз жардыдыр дегеле,
Кымбаттыгы… аска-зоодой тимеле…
Өмүр бою сый-урматка бөлөнсүн,
Өзүн коюп, балам дешет ата-эне…

Ойлор учкул, сунбай неге картайтам,
Чындык ушул, анан кантип калп айтам?
Ар бирибиз кадырлайлы каректей,
Ата-энеге алкыш айтам, да
ңк айтам!!!

АПАМ КАРЫП КЕТИПТИР…

 


Барып келдим кечээ туулган жериме,
Байкуш апам кыйла карып кетиптир.
Алсызмын ээ, кылалмакмын эми не,
Жаштыгынын дарбазасы бекиптир.
Байкуш апам кыйла карып кетиптир.

Арыктаптыр денесинен эт качып,
Турчу мурда ай жүзүнөн от чачып.
Буга чейин болалбапмын жанында,
Же барбапмын ылдам-ылдам бат басып.
Турчу мурда ай ж
үзүнөн от чачып.

Ыйлап алдым, ыйлайм, жок бейм кайтарым,
Кайдан кайра мурдагыдай жаш болуу?..
Арман менен аягында айтаарым:
Карыбасын акылы, анан ойлору.
Кайдан кайра мурдагыдай жаш болуу?..

 

БИЗ ЭССИЗБИЗ


Апакебай, айылдасыз, биз шаарда,
Жол карайсыз ар м
үнөттө, ар айда.
Акмакпыз ээ, биз билбейбиз аны
ңды,
Ара
ң кээде бир барабыз алты айда.

Нан, чай, канты
ң коюп, барсак алдыга,
Чебелектеп
үлгүрөсүң баарына…
Мезгил
өтөт, ушул күндөр эскирет,
Анан кайдан бармак сенин алды
ңа?!

Биз эссизбиз, э
ң эссизбиз, эң тентек,
Өмүр сүрсөк кана эли эми бир сен деп.
К
өп ойлойсуң, көп эстейсиң, не болмок,
Биз да сени дал ошондой эстесек?..

А П АКубанычыбызга жүү кабыргасы кайышып, балам деп турмуштун татаал жолдорунда далай майышып, колубузга тикен кирбешин тилеген АПАлар ар бир уул-кыз үү кандай шартта ардактуу адам катары аздектүү
Ылайым, ак элечек жамынган апаларга аалам мээримд
үүө баскан кадамдары оомат менен жакшылык-жетишкендиктерди багынтсын.
Эч бир апа эч убакта баланын азабын тартпасын.
Ушул
ү аталышка акро ыр арнап, бардык апаларга ак ниетим, чын ыкласым менен таазим этем.

 

 

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro