Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун официалдуу сайты
» » » Бабеков Анарбай Ураимович 1969-жылы 25-ноябрда Ош областынын Кара-Суу районунда туулган.
17 декабрь 2013
11 223

Бабеков Анарбай Ураимович 1969-жылы 25-ноябрда Ош областынын Кара-Суу районунда туулган.

  

 

 

 

 Р Е З Ю М Е

 

Бабеков Анарбай Ураимович  1969-жылы 25-ноябрда Ош областынын Кара-Суу районунда туулган.

         1976-79-жылдары «Топ-Терек» башталгыч мектебинде, 1980-86-жылдары  №38 -«Лянгар» орто мектебинде окуган.

         1987-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун биология факультетине кирип, аны 1992-жылы артыкчылык диплом менен аяктаган. Ошол эле жылдын сентябрь айынан эмгек жолун аталган факультеттин «Химия» кафедрасында адегенде лаборант, ага лаборант, лаборатория башчы болуп эмгектенүүдөн баштаган.

         1994-жылдын март айында Ош Технологиялык Университетине которулуп, «Химия жана химиялык технология» кафедрасында окутуучу, ага окутуучу болуп 2001-жылга чейин эгектенген.

         1998-2001-жылдары Ташкент шаарында, Өзбекистан Республикасынын Илимдер Академиясына караштуу «Өсүмдүк заттарынын химиясы» институтунда аспирантурада окуп, 2002-жылдын 4-январында Бишкек шаарында,  Кыргыз Республикасынын  Улуттук Илимдер Академиясына караштуу  «Химия жана химиялык технология»  институтунда «Терпеноидные кумарины и сложные эфиры терпеноидов трех видов растений рода FerulaL.» деген темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон. 50 гө жакын  илимий эмгектердин жана окуу-усулдук колдонмолордун автору.

         2001-жылдын сентябрь айынан баштап Ош мамлекеттик университетинин  Табият таануу факультетинин «Жалпы жана органикалык эмес химия» кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучу, факультетте декандын тарбиялык иштер боюнча орун басары, 2005-жылдын январь айынан Ош мамлекеттик университетинин «Химия» факультетинде декандын окуу иштери боюнча орун басары болуп иштеп келген.

         2006-жылдан баштап Ош гуманитардык–педагогикалык институтунун илимий иштер жана сырткы байланыштар боюнча проректору кызматында иштеп жатат.

         Учурда Кыргызстандын түштүк аймагындагы кээ бир дары-дармек өсүмдүктөрдүн химиялык составын жана фармакологиясын изилдөө багытында иштеп келүүдө.

         Химия илимдеринин кандидаты, профессор.

үй бүлөлүү, 1 уул 3 кыздын атасы.

 

 

 

 

 

     

 

 

 

 

 

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro