Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун официалдуу сайты
» » ЗАМАНГА ШАЙКЕШ КАДРЛАРДЫ ДАЯРДОО - БИЗДИН ЭҢ БАШКЫ МИЛДЕТИБИЗ
6 июль 2020
347

ЗАМАНГА ШАЙКЕШ КАДРЛАРДЫ ДАЯРДОО - БИЗДИН ЭҢ БАШКЫ МИЛДЕТИБИЗ

  

 

ЗАМАНГА ШАЙКЕШ КАДРЛАРДЫ ДАЯРДОО - БИЗДИН ЭҢ БАШКЫ МИЛДЕТИБИЗ.

 

Урматтуу абитуриент!Ардактуу ата-энелер!
Жыл өткөн сайын билим берүү айдыңы өз кулачын кенен жайып, улам жаңы технология тездик темп менен өнүгүүдө. Бул арада билимге суусап турган улан-кыздар алгач туура максат коюп, ага жетүүгө өз аракеттерин жасоосу абзел. Бул менен бирге дүйнөлүк стандарттагы билим берүү системасына ылайыкташып, тиешелүү көндүмдөргө ээ болуу менен өз билимдерин да кеңейтүүсү кажет. Дал ушул муктаждыкты камсыз кылууда ар бир мектеп бүтүрүүчүсүн кулач жая тосуп алчу жогорку окуу жайлар өз кызматын көрсөтөт.
Жогорку окуу жайга кадам таштаган ар бир абитуриент жогорку билимге ээ болуу менен көңүлдөгү көксөөсүн ишке ашырууга дарамет арттырат. Бараткан багытында окутуучулардын тажрыйбасынан, билиминен пайдаланып үлгүлүү устаттардан сабак алып, билим куржунун толтуруусу керек. Ал үчүн биздин башкы милдет жаштарга туура жол көрсөтүп, ыңгайлуу шартта билим алуусуна мүмкүнчүлүк жаратып берүү болуп эсептелет.
Учурда ар бир окуу жайдын тиешелүү миссиясы, максаты жана милдети бар. Негизгиси учурдун талабына жараша креативдүү, компетенттүү жана татыктуу кадрларды даярдоо болуп саналат. Андыктан өз жашоосуна максаттуу жол салган келечек ээлерин кезектеги билим тепкичин жогорулатуусуна көмөкчү болгон Ош гуманитардык-педагогикалык институтуна чакырам.
Ош гуманитардык-педагогикалык институту системалуу билим берүү процессин жөнгө салып, заман талабына ылайык жеткиликтүү деңгээлде материалдык-техникалык база менен жабдылган. Ар тараптуу өнүккөн, өз кесибинин мыктысы болгон чыгармачыл жана билимдүү адистердин тарбияланып чыгуусу үчүн өзүнүн ак кызматын аткарып келе жатат. ОГПИ азыркы учурда педагог адистерди даярдоодо түптүү билим уяга, ошондой эле мугалимдердин алтын бешигине айланып, коомчулуктун талабын көп жылдык тажрыйбасы менен канааттандырууда.
Маалым болгондой туура кесип тандоо бул жашообуздагы жараткан бир жетишкендигибиз. Бул жетишкендикке жетүүдө мугалимдер маанилүү ролду ойнойт. Мен өзүм педагог катары болочок студенттерди бардык кесиптин башында турган, жөнөкөй адамдан ийгиликтүү инсанды жана башка кесип ээлерин да жарата алган, билим менен казына жыйган мугалимдик кесипти тандоого багыт көрсөтөм. Себеби, мугалимдик кесип коомдо ар дайым актуалдуу жана ардактуу кесип эмесби.
ОГПИ – студенттик алтын дооруңузду татыктуу өткөрүп, келечек пай-дубалыңызды сапаттуу курууга кепилдик болуп берет.
ОГПИнин ректору, п.и.д.,проф:
Зулуев Бекмурза Бекболотович
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro