Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » ОГПИде кышкы спортакиада жыйынтыкталды
30 январь 2017
680

ОГПИде кышкы спортакиада жыйынтыкталды

ОГПИде кышкы спортакиада жыйынтыкталды

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун профессордук-окутуучулары ортосунда өткөн факультеттер аралык  кышкы спортакиада жыйынтыкталды. 

Мында катышуучулар спорттун волейбол, баскетбол, шахмат, тогуз коргоол жана стол теннис түрлөрү боюнча мелдешишип, ар бир түрүнөн алган упайдын негизинде  жалпы жеңүүчүлөр аныкталды. Айта кетсек жалпы жыйынтык боюнча 3-орунду Музыкалык-педагогикалык факультети, 2-орунду Табият таануу жана география факультети ал эми 1-орунду Гуманитардык факультети багындырып, жетекчилик тарабынан жеңүүчүлөргө жана спорттун ар бир түрү боюнча байгелүү орунга илешкен командаларга ошондой эле оюн учурунда активдүүлүгүн көрсөткөн мыкты оюнчуларга  акчалай сыйлык, кубок жана дипломдор  тапшырылды. 

Жыйынтыктоо аземи окуу жайдын чоң залында салтанаттуу түрдө уюштурулуп, институттун ректору, профессор Б.Б.Зулуев жеңүүчүлөрдү куттуктоо менен сыйлыктарды тапшырды.

Эскерте кетсек аталган мелдеш кызматкерлерди спорт менен жакын дос болууга жана сергек жашоого үндөө максатында жыл сайын уюштурулуп, быйылкы жылкы мелдешке жалпы 50 000 (Элүү миң) сом байге фонду каралган.


       шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro