Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » Сүйүктүү агайыбыз 55 жашта
30 сентябрь 2016
166

Сүйүктүү агайыбыз 55 жашта

Сүйүктүү агайыбыз 55 жашта
ОГПИде эле эмес, бардык жерде өзүн жөнөкөй кармап, баарына бирдей мамиле жасаган, окуу жайга жаштыгын арнаган сүйүктүү бир агайыбыз бар. Бул агайсыз азыркы учурда ОГПИде майрамдык кечелер көркүнө келбей калды. Анткени, музыка адистигиндеги студенттердин ар биринин үндүү добуштарын иргеп, бир ыргакка салып, кооз бир хор чыгарып, элге тартуулап жүрөт. 
Бул агай Музыкалык-педагогикалык факультетинин ага окутуучусу Ормонов Рахматулла Абдырахманович. Агайдын «Апаке», «Кош жылдыз», «Өмүр таттуу турбайбы», "Айылым Төлөйкөн”, "Ой тообо”, "Кыргыз эл бийи” ырларын жана обондорун хорго иштеп чыккан.
Агай азыркы убакта «Мырзалар» элдик ырчылар тобунда ырдап, шаардык, облустук, республикалык деңгээлдеги иш-чараларга катышып келет. 
Ормонов Рахматулла Абдырахманович 1961-жылы 30-апрель күнү Ош областынын Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында интеллигенттердин үй бүлөсүндө төрөлгөн. Жети жашына чейин үйдө тарбияланып, 1968-жылы Озгур айылынын сегиз жылдык мектебине окууга кирген. 8-классты аяктагандан кийин, 9-классты Маяковский мектебинде улап, кийин Ош педагогикалык окуу жайынын музыкалык бөлүмүнө тапшырат. 
1981-жылы окуу жайды ийгиликтүү аяктап, Фрунзе шаарына Б.Бейшеналиева атындага искусство институтуна тапшырат. Институттун хор дирижерлоо бөлүмүн 1985-жылы аяктап, советтик армияга чакырылып, Орто-Азия аскердик округунун ыр-бий ансамблинде аскер кызматын өтөгөн. 
1986-жылы Ош педагогикалык окуу жайына музыка мугалими болуп ишке кабыл алынган. Андан бери арадан 30 жыл өтүп, бир жерде эмгектенип келет. Дарак бир жерде көгөрөт дегендей, бүтүндөй педагогикалык өмүрүн ОГПИге арнаган агайдын колунан миңдеген адистер тарбияланып чыккан. 
Белгилүү элдик «Мырзалар» тобунда солист болуп эмгектенип келүүдө. ОГПИде болсо, окутуучулуктан сырткары студенттер хорун, кыздар вокалдык тобун жетектеп келет. 
Балачагында көп деле шоктук кылбаган жоош бала болуптур. Жаштайынан ата-энеси жана агалары Рысбек, Абийбулла музыкага болгон сезимдерин ойготуп, музыка мугалими болууга чоң таасир берген. Окуучу кезинде мугалими доскага чыгарып алып «Ийнелик», «Шайыр кыздар» деген балдар ырларын тынымсыз ырдата берчү экен. Ошондо эле музыкага шыгы бар өспүрүмдөн көп нерсени үмүт кылышчу. 
Рахматулла Ормонов көчөдө, жумушунда кандай адам болсо үйүндө да ошол бойдон. Үй-бүлөсүндө балдарынын жүрүм-турумуна, өзгөчө тарбиясына көңүл буруп, туура сөзүн айтып турат. Азыркы учурда эки уул, үч кыздын атасы. Эки неберенин балпайган чоң атасы болуп жүргөн чагы.

Элүү беш жашка толдум билинбестен,
Кызматты өтөп келдим илинбестен.
ОГПИ жарык чачты кызматыма,
Бир жерде иштеп келдим жүгүрбөстөн.

ОГПИ билим берген окуу жайым,
Ырахмат айтып келем ар күн сайын.
Ушул жер туртуулады бакыт жолун,
Бул жерге берип келген ишим дайын.

Жаңырды ырларымдын жашоо шарты,
Тартуулап келе жатам элге жалпы.
Мээнетим текке кетпейт берип турам,
Ишимдин ийгилиги болот арты.

Келгиле мен сыйлаган ага тууган,
Бүгүн мен элүү бешке толуп турам.
Ырымды силер үчүн арнайын да,
Артынан сый конокко тамак сунам.

 





шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин электрондук дареги:
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2017 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro