Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » ОГПИнин периси аныкталды
30 сентябрь 2016
186

ОГПИнин периси аныкталды

ОГПИнин периси аныкталды
27-апрель күнү Ош Бабур театрында, Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун факультеттери арасында «ОГПИ периси-2016» кароо сынагы болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирет.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар, жободо көрсөтүлгөндөй «Саламдашуу», «Акыл карачач», «Кечки стил», «Ийкемдүү пери» жана «Таланттуу пери» деген шарттардан өтүп, көрүүчүлөргө өнөрлөрүн тартуулашты.
Аталган сынакка жалпы он пери катышып, жыйынтыгында калыстартобунун чечими менен Кыргыз-Россия факультетинин студентти Шекербек кызы Чынара 3-орун «Ийкемдүү пери», Табият таануу жана география факультетинин студентти Эрдавлатова Зарина2-орун «Ажарлуу пери», Билим берүүнүн менеджменти жана туризм факультетинин студентти Шайбекова Асель 1-орун «Таланттуу пери», ал эми баш байгени Колледж бөлүмүнүн студентти Асылбекова Перизат ээлеп, «ОГПИ периси -2016» наамын жеңип алды.
Андан сырткары белектер жана дипломдор менен сыйланышты. Ошондой эле 1-орунду ээлеген пери Шайбекова Асел Бишкек шаарынын сынагына жолдомо алды.
Эскерте кетсек, кароо сынак окуу жайдын Жаштар комитети жана ОГПИнин "Мурас” телестудиясы тарабынан уюштурулуп, ректорат тарабынан каржыланды.






шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин электрондук дареги:
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2017 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro