Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » ОГПИде “Диний-экстремизм жана терроризм” маселелери боюнча атайын өкүлдөрдүн катышуусунда жолугушуу болду.
5 декабрь 2017
107

ОГПИде “Диний-экстремизм жана терроризм” маселелери боюнча атайын өкүлдөрдүн катышуусунда жолугушуу болду.

ОГПИде “Диний-экстремизм жана терроризм” маселелери боюнча атайын өкүлдөрдүн катышуусунда жолугушуу болду.

Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин буйругу менен “Диний-экстремизм жана терроризм”ди  алдын алуу максатында Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирет.

Жолугушуу атайын адистер, ИИМдин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги Эрлан Бакиев жана атайын өзгөчө иштер боюнча ага ыкчам өкүлү Алладин Осмоновдордун катышуусунда болуп, алар коомчулуктагы терс көрүнүштөр болгон диний-экстремиз, терроризм жана Сирия өлкөсүндөгү абалдар боюнча катышуучуларга кеңири маалымат берип өтүштү. Маалыматка ылайык келген адистер,  ар кандай диний агымдардын көбөйүп кеткендигин, айрыкча Вахабизм, Хизбут-Тахрир, Акрамия, Баптистер жана башка көптөгөн каттоодон өтпөгөн диний агымдар биздин келечегибизди кура турган жаштарды туура эмес багыттарга азгырышып, айрым жаштарыбыздын диний сабатсыздыгынан улам аларды ар кандай терс жактарга үгүттөп жатышканын баса белгилешти. Мындан тышкары өкүлдөр, видео-слайдтын жардамында студенттерге аталган терс көрүнүштөрдү алдын алуу жана жоюу боюнча кандай аракеттерди жасашыбыз керектигин ачык түшүндүрүп, бул көйгөйлөрдү токтотуу барыбыздын колубузда экенин белгилешти.

Иш чарада  студенттер тарабынан адистерге көптөгөн суроолор берилип, аларга канаатандырарлык деңгээлде жооптор айтылды.  Ошондой эле жолугушуунун соңунда ОГПИнин ректору , профессор Б.Б.Зулуев студенттерге кызыктуу жана пайдалуу маалымат куруп беришкендиктери үчүн келген өкүлдөргө, жыйынга катышкан жалпы студенттердин  атынан терең ыраазычылыгын билдирди.

   

 

                                  

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин электрондук дареги:
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2017 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro