Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » “Ырга айланган арзуулар”
4 декабрь 2017
327

“Ырга айланган арзуулар”

“Ырга айланган арзуулар”

1-декабрь Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда,  акын, Кыргызстан жазуучулар союзунун алдында түзүлгөн “Кыздар ай” адабий клубунун жана “Кыргыз акын-жазуучулары” коомдук фондунун мүчөсү, “Ырга айланган арзуулар” жана “Жүрөк тамырындагы от”  китептеринин  автору Нуржамал Калмаматованын “Жүрөк тамырындагы от” аттуу ыр жыйнагынын бет ачары  болуп өттү.

Иш чара ОГПИнин “Музыкалык билим берүү жана психология” кафедрасы тарабынан уюштурулуп, таланттуу студенттердин коштоосунда автордун чыгармаларынан көркөм окулуп, обондуу ырлар аткарылды. Ошондой эле сахна төрүнөн орун алган кеченин автору өзүнүн өмүр таржымалын, чыгармачылык жолун жалаң ыр менен тааныштырып, көрүүчүлөрдүн алкоосуна татыды. Мындан тышкары кеченин жүрүшү катышуучулардан берилген суроолор менен коштолуп, аларга тайманбай өзгөчө поезиялык ыкма менен жооп берип жатты.

Аталган кечеге окуу жай жетекчилиги, окутуучулар, студенттер ошондой эле автордун жалпы дос-туугандары, чыгармачылыктагы кесиптештери жана жалпы эле поезия күйөрмандары  катышып, акындын чыгармаларына күбөө болушту.

Кечеде окуу жайдын ректору, профессор Бекмурза Зулуев куттуктоо сөзгө чыгып, жамааттын атынан авторго ийгилик каалап, бүт тагдырын өз нугунда ырга салган, өзгөчө акын айым экенин белгилөө менен терең ыраазычылык билдирип өттү. Ошондой эле өзүнүн мыкты чыгармачылыгы менен жаштарга жол көрсөтүп, үлгүлүү айым катары, кыргыз маданиятынын жана жазуучулар союзунун  өнүгүшунө зор салым кошкондугу үчүн институттун жогорку даражалуу сыйлыгы болгон ОГПИнин ардак грамотасын ректор, салтанаттуу түрдө тапшырды.

 (Куржунум)

“...Сөз куржунун артып алып жонума,

Калемимди тирөөч кармап колума.

Жөнөп калдым өргө карай жол алып,

Акындыкты жакын тартып боорума...”

 

(Мен сүйгөн жокмун)

“... жан дүйнөмдүн боштугунан, ашыктыктын кооздугунан, зериккенден, териккенден, кийген кийимиңден, сулуулугуңан улам сүйгөн жокмун. Мен чындап эле жүрөгүмдөн сүйдүм...”

“...Башка жандар укса макул күлүшсүн,

Бар байлыгым болуп менин үмүтүм.

Эч нерсеге теңдеши жок бул дүйнөм,

Жаралгандай жашайм жалгыз ыр үчүн...”  деген ыр саптарды жан дүйнөсүнөр жарата алган авторубуз Калмаматова Нуржамал Алимбековна Ош областынын Өзгөн районуна караштуу Көлдүк айылында туулган. Үйбүлөлүү, эки уул бир кыздын бактылуу энеси. Аталган айылдагы №12 Р. Конкошев атындагы орто мектепти аяктаган соң Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетине тапшырып, жогорку окуу жайды ийгиликтүү аяктаган. 15 жашынан ыр жазып баштаган авторубуздун калеминен жүздөгөн ырлар жарык көрүп, эки ыр жыйнак чыгарууга жетишкен.

 

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин электрондук дареги:
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2017 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro