Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » ОГПИде таланттар тандалууда
1 декабрь 2017
164

ОГПИде таланттар тандалууда

ОГПИде таланттар тандалууда

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда ар жылы салтка айланган жалпы 1-курстун студенттеринин ичинен таланттуу студенттерди тандоо, аларды коомдук-маданий иштерге тартуу, таланттарды эл алдына алып чыгуу максатында уюштурулуп келген  «Таланттарды издейбиз!»  аттуу фестивалы  жарыяланып, өткөрүлүп келет.
ОГПИнин маалымат кызматы билдиргендей, быйылкы окуу жылында да аталган конкурс иш жүзүнө ашып, учурда экинчи айлампасы жыйынтыкталып турат.

 Чыгармачыл студенттердин фестивалынын экинчи айлампасы институттун деңгээлинде факультеттер арасында өтүп, калыстар тобунун чечими менен мыкты деп тандалган талант ээлери, жакында болуучу гала концерттке фестивальдын лоуриаттары катары жолдомо алышты.

Кароо сынактын жобосуна ылайык катышуучулар фольклордук, көркөм окуу, эстрадалык, хореографиялык, алып баруучулук жанрлар жана өзгөчө өнөр боюнча сахнада өздөрүнүн чыгармачылык чеберчиликтерин жана таланттарын көрсөтүштү.

Аталган фестивальды жыйынтыктоо иретинде болуучу гала концертке жолдомо алган катышуучулар  өздөрүнүн өнөрлөрүн чоң сахнада да элге тартуулашып, “Таланттарды издейбиз – 2017” аттуу чыгармачыл студенттердин фестивалынын лоуриаттары болуу менен окуу жайдын атайын сыйлыктары, диплом, грамота жана баалуу белектер менен сыйланышмакчы.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин электрондук дареги:
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2017 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro