Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » ОГПИден усулдук жардам...
30 ноябрь 2017
117

ОГПИден усулдук жардам...

ОГПИден усулдук жардам...

30-ноябрь Ош гуманитардык - педагогикалык институтунда, Ош шаарындагы мектепке чейинки билим берүү кызматкерлери үчүн  “Методикалык табылгалар” аттуу семинар - тренинг болуп өттү.

Иш чаранын салтанаттуу бөлүмүн окуу жайдын ректору, профессор Б.Б.Зулуев ачып, өз сөзүндө окуу жай педагогикалык институт катары, адистерди даярдоодон сырткары, мектептерге жана бала-бакчаларга усулдук жактан көмөк көрсөтүү ишине өзгөчө көңүл бөлүнүп акыркы учурда бир топ алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Мындан тышкары ректор, бүгүнкү уюштурулуп жаткан семинар-тренинге жакындан көмөк көрсөткөн Ош шаардык билим берүү башкармалыгына,  Эл аралык “Балдарды коргойлу” уюмунуна жана келген катышуучуларга уюштуруу тобунун атынан ыраазычылык билдирип өттү. Ошондой эле салтанатка катышып отурган  Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы А.Р.Асанов сөзгө чыгып, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде  адис жетишсиз болуп жатканын, ошондой эле учурда көпчүлүк кызматкерлер башка адистин ээлери экенин баса белгилеп, бүгүн булар үчүн өтө маанилүү, керектүү иш чара  уюштурулуп жатканын айтып өттү.

Семинардын экинчи бөлүгүндө жети усулчудан турган жумушчу топ, катышуучуларды тайпаларга бөлүшүп аларга баланы калыптандыруучу түрдүү багыттагы темалар үстүндө тренинг жана мастер - класстарды өтүү менен жаңы ыкма жана усулдардын үлгүлөрүн көрсөтмө катарында маалымат  беришти.

Иш чаранын жыйынтыгында атайын отурумдун негизинде уюштуруу тобунун сунушу менен катышуучулардан сабактарга анализдер жүргүзүлүп, билим берүүдөгү айрым маселелер, алардын чечилиштери боюнча талкуу болду. Ошондой эле катышуучулар тарабынан ыраазычылыктар айтылып, “мындай семинарлар үзгүлтүксүз уюштурулуп турса” деген сыяктуу сунуштар айтылды.

 Эскерте кетсек аталган семинар окуу жай жетекчилигинин, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жана Эл аралык “Балдарды коргойлу” уюмунун колдоосу менен ОГПИнин алдында түзүлгөн “Мугалимдердин билимин жогорулатуу” бөлүмү жана “Педагогика” кафедрасы тарабынан уюштурулду.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин электрондук дареги:
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2017 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro