Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » ОГПИде бүтүрүүчүлөрдүн ассоциациясы түзүлдү
28 ноябрь 2017
63

ОГПИде бүтүрүүчүлөрдүн ассоциациясы түзүлдү

ОГПИде бүтүрүүчүлөрдүн ассоциациясы түзүлдү

28-ноябрь Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда англис тили адистигин бүтүргөн 2004-2017-жылдардагы бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуусу кечеси болуп, “Англис тили жана аны окутуунун усулу” кафедрасынын алдында, аталган бүтүрүүчүлөрдүн ассоциациясы түзүлдү.

Иш чаранын биринчи бөлүгүндө окуу жайдын чоң залында салтанаттуу түрдө конокторду тосун алуу менен аларга институт тууралуу видео маалыматтар көрсөтүлдү. Мындан тышкары окуу жай жетекчилиги тарабынан жолугушууга келген сыймыктуу бүтүрүүчүлөргө атайын сыйлыктар тапшырылып, ошону менен бирге бүтүрүүчүлөр, учурдагы окуп жаткан студенттерге өздөрүнүн иш тажрыйбалары менен бөлүшүп өтүштү.

Жолугушуу коноктор үчүн даярдалган концерттик программа менен коштолуп, мында кафедранын окутуучулары жана чыгармачыл студенттер тарабынан атайын ыр-бийлер жана студенттик күндөрдү,  кызыктуу окуяларды  чагылдырган сахналык көрүнүштөр   тартууланды.

Ошондой эле жолугушуунун экинчи бөлүгүндө бүтүрүүчүлөр менен окутуучулардын атайын отуруму болуп, мында англис тилин үрөнүүдөгү  жана үйрөтүүдөгү айрым маселелер  талкууланып, учурда билим берүү тармагында практика жүзүндө көрүп жатышкан кесиптештер тарабынан бир топ ой-пикир, сунуштар айтылды. Отурумдун алкагында башта айтылган маселелерди биргеликте чечүү жана окуу жай менен бүтүрүүчүлөрдүн тыгыз иш алып баруусу үчүн ассоциациясы түзүлүп, анын жетекчиси жана курамы бекитилди.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин электрондук дареги:
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2017 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro