Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » ОГПИнин Профсоюз комитетинин төрагасы шайланды...
3 декабрь 2019
771

ОГПИнин Профсоюз комитетинин төрагасы шайланды...

ОГПИнин Профсоюз комитетинин төрагасы шайланды...

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун профсоюз комитетинин 14-отчёттук конференциясы болуп өттү. Ага  Ош облустук билим-илим кызматкерлеринин кесиптик  бирлигинин төрагасы Тойгонбаев Сабыр Абдуванович жана окуу жай жетекчилиги, окутуучулар жамааты катышты.

Иш чаранын жүрүшүндө аталган уюмдун төрагасы Алманбет Кошбаев 2014-жылдан баштап аткарылган иштери боюнча пленумда өз отчётун окуду. Бул менен бирге мандат комиссиясынын мүчөлөрү дагы өз маалыматтарын беришти. Аталган  уюм институттагы окутуучулардын жана студенттердин укугун коргоп, жана окуу жайдагы  уюштурулган маданий, спорттук иш чараларга өз учурунда материалдык жардам көрсөтөт.

Профсоюз-жалпы жамааттын укугун коргогон коомдук уюм катары окуу жайда өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет жана 5 жылда бир жолу отчёттук конференциясын уюштуруп, атайын шайлоонун негизинде уюмдун төрагасы шайланат. Бул жолу жалпы делегаттардын колдоосу менен профсоюз комитетинин төрагасы болуп кайрадан Кошбаев Алманбет Бекжанович шайланды.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro