Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » ВИЧ- СПИД дарты тууралуу билесизби?
3 декабрь 2019
75

ВИЧ- СПИД дарты тууралуу билесизби?

ВИЧ- СПИД  дарты тууралуу билесизби?

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун  Гуманитардык факультети   атайын адистердин  жардамында студенттерге СПИД дарты тууралуу түшүндүрүү  иштерин жүргүзүү максатында жолугушуу уюштурду.

Мында Ош облустук СПИДке каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунун дарыгерлери Гулиза Боронбаева жана Жаңылай Манасбекова конокто болуп,  студенттерге оору тууралуу толук жана кенен маалымат берип өтүштү.

СПИД оорусунун жугуу жолдору кайсылар?

ВИЧ  бул адамдын иммунодефицит вирусу. Ал адамга кан аркылуу  баңгизаттарды колдонууда, жыныстык катнашта жуктуруп алуу коркунучу бар. Ошондой эле дартка чалдыккан энеден балага гана жугушу мүмкүн. Учурда ВИЧ инфекциясына жаш өспүрүмдөр көп чалдыгууда.

Оорунун негизги белгилери?

Оорунун белгилерин бир гана жол менен аныктоого болот. Ал үчүн алгач атайын борборго барып, кан тапшыруу керектелет. Ооруну сыртынан же кандайдыр бир белгилер аркылуу билүүгө мүмкүн эмес. Алгач адамга жукканда айлап, жылдап да белгисин билдирбей жүрө берүүсү мүмкүн. Бирок, вирус жуккандан кийин, ал түрдүү ооруларга жол ачат. Мисалы, тез-тез сасык тумоого чалдыгып же ар кандай оорулар менен ооруй берсе, анализ тапшырып, текшерүүдөн өтүп коюшу шарт.

Кыргызстанда ВИЧ-СПИД инфекциясына чалдыккандардын саны

Өлкөбүздө бул дартка чалдыккандардын саны 8994 кө жетти.

Чүй облусу- 2710 адам 30%

Ош облусу-2663 адам 27%

Жалал-Абад облусу -1044 адам 12%

Ысык-Көл облусу-287 адам 25%

Баткен облусу- 227 адам 2,5%

Нарын облусу- 178 адам 2 %

Талас облусу- 135 адам 1,5%

Ал эми Ош облусунда ВИЧ инфекциясын алып жүрүүчүлөрдун саны Кара-Суу районунда эң көп адамды түзөт.

Кара-Суу району- 868 адам

Ноокат району-313 адам

Өзгөн району- 170 адам

Алай району-57 адам

Кара-Кулжа району-54 адам

Араван району- 51 адам

Чоң-Алай району- 6 адам

 

   

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro