Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » СПИД 21-кылымдын чумасы
3 декабрь 2019
158

СПИД 21-кылымдын чумасы

СПИД боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө...

        Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун Колледжинде 1-декабрь бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата атайын дарыгерлер менен студенттердин жана окутуучулардын  жолугушуусу  болуп өттү.  Аталган иш чара  “Дене тарбия жана табигый илимдер” кафедрасы тарабынан уюштурулуп, конокто Ош шаардык СПИДке каршы күрөшүү борборунун дарыгери Адилет Бурканов жана ОГПИнин саламаттык-сактоо көзөмөлүнүн башчысы Джээнбеков Нурсултан  болду.  

Иш чаранын жүрүшүндө дарыгер атайын слайд менен оору тууралуу катышуучуларга кенен маалымат берди. Андан соң окутуучулар менен студенттердин суроолоруна жооп берип, статистикалык маалыматтар менен тааныштырды.

 Жолугушуунун максаты учурда СПИД  оорусуна чалдыккан жарандардын саны күндөн-күнгө көбөйүп баратканын жана анын арасында жаштардын саны басымдуу экендигин эске алуу менен анын алдын алуу чараларын көрүп, жаштарга сактануу жолдорун үйрөтүп, оору тууралуу билимин кеңейтүү болуп эсептелет.

                                     

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro