Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » Башкыр жазуучусу Айгиз Баймухаметов ОГПИде
29 ноябрь 2019
242

Башкыр жазуучусу Айгиз Баймухаметов ОГПИде

ТАГДЫРЫ УЛУУ АДАБИЯТЧЫГА АЙЛАНТТЫ...

Башкыр элинен чыккан жаш жазуучу Айгиз Баймухаметов ОГПИде.

            Башкырстан жана Россия жазуучулар союзунун мүчөсү, Шайхзада  Бабич атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты, журналист, жазуучу, ошондой эле "Таштабачы апаке" жана "Жомоксуз  өткөн балалык" китебинин автору Айгиз Гиззат уулу Баймухаметов Ош шаарында конокто болуп, студенттер жана окуучулар менен жолугушту.

             Иш чара Ош гуманитардык-педагогикалык институтутунда окуу жай жетекчилиги жана "Жетиген" мектеп-лицейи тарабынан уюштурулуп, ага Оштогу белгилүү акын-жазуучулар, окуучулар жана студенттер катышты.

Кеченин жүрүшүндө  Айгиз Баймухаметов алгач өзү тууралуу кыскача маалымат берип, иш чараны уюштурган өкүлдөргө, катышуучуларга ыраазычылык билдирүү менен жалпы жаштарды адабият күйөрманы болууга чакырып өттү. Андан соң жолугушуу суроо-жооп форматында уланып, катышуучулар түрдүү суроолоруна таасирдүү ары маңыздуу жоопторду ала алышты.

Кеченин соңунда жазуучуну ректор Б.Б.Зулуев кабыл алып, коногубузга ыраазычылык билдирүү менен окуу жайдын символикалык белектерин ыйгарды.

Балалыктын өзгөчө татаал турмушун баштан кечирген автордун чыгармалары анын тагдыры менен байланыштуу болгондуктан, жазуучунун китептери көптөгөн тилдерге которулуп, коомчулукта өз ордун жана окурмандарын таба алды. Бул сыяктуу реалдуу турмушту китеп кылып жазган автор менен жолугушуу мындан ары да башка окуу жайларда жана коңшу өлкөлөрдө уланмакчы.

         

 

 

 

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro