Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » СТУДЕНТТЕР МЕНЕН ТААСИРДҮҮ МАЕК
27 ноябрь 2019
61

СТУДЕНТТЕР МЕНЕН ТААСИРДҮҮ МАЕК

УЛУУЛАРДАН УНГУ КЕП...
Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын Түштүк аймагы боюнча төрагасы жана тарых илимдеринин доктору, профессор Балтагул Нурунбетов бүгүн окуу жайдын Гуманитардык факультетинин студенттери менен жолугушуп, маек курду. Бул кече аталган факультет тарабынан уюштурулуп, ага факультеттин жетекчиси жана студенттери катышты.
Жолугушуу улуулардын акыл-насааты менен жаштарды тарбиялоо жана аларды бир топ кызыктырган суроолоруна жооп алып берүү максатында уюштулурду. Иш чаранын жүрүшү суроо-жооп форматында болуп, профессор катышуучулар тарабынан берилген бардык суроолорду терең талдап, өзгөчө таасын ой менен, өзүнүн турмуштук тажрыйбасынын жана билиминин негизинде татыктуу жооп берип, данакер, мыкты педагог экенин далилдей алды. Студенттер менен жакындан пикир алышууга жаралган мүмкүнчүлүктө аларды жакшы жакка үндөө менен көптөгөн акыл-кеңештерин айтып өттү. Жан дүйнөнү байытуучу бул сыяктуу жолугушууларды мындан ары өткөрүү керектигин сунуштап, жалпы уюштуруу тобуна ыраазычылыгын билдирди.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro