Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » “Студенттин сынагына сынбайсыңбы?” шоу программасы
25 ноябрь 2019
309

“Студенттин сынагына сынбайсыңбы?” шоу программасы

“Студенттин сынагына сынбайсыңбы?” шоу программасы Мунар Назымов менен биргеликте...

Бүгүн Ош гуманитардык-педагогикалык институнун Колледжинде салтка айланган “Студенттин сынагына сынбайсыңбы?” аттуу иш чара болуп өттү. Аталган кеченин коногуМамлекеттик  тилди өнүктүрүү жана тарбия иштери боюнча ректордун жардамчысы  Назымов Мунар Бурханович болуп, бир топ кызыктуу суроолор коштоосунда студенттер менен жакындан пикир алышты.

Өзгөчө суроолор, тапшырмалар конокту бир топ сүргө салган менен, кырдаалдан чыгууга аракет кылып, берилген суроолорго жеткиликтүү деңгээлде жооп берди.

Иш чаранын соңунда мыкты суроо берген студенттерге Мунар Назымов атайын белектерди ыйгарып, уюштуруу тобуна ыраазычылык билдирүү менен студенттердин окууларына ийгилик каалап өттү. Катышуучулардын мыкты даярдыгы таң калтырганы жана кеченин өзу күтпөгөн деңгээлде жакшы болгонун да жашырган жок.

Белгилей кетсек  бул саамалык Башталгыч кластардын педагогикасы жана мамлекеттик тил кафедрасы жана Жащтар комитети тарабынан уюштурулуп келүүдө.

   

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro