Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош гуманитардык-педагогикалык институнун официалдуу сайты
» » "Таланттардык издейбиз-2019" кароо-сынагы өтүүдө
29 октябрь 2019
121

"Таланттардык издейбиз-2019" кароо-сынагы өтүүдө

 "Таланттардык издейбиз-2019" кароо-сынагы өтүүдө

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда ар жылы салтка айланган жалпы 1-курстун студенттеринин ичинен таланттуу студенттерди тандоо, аларды коомдук-маданий иштерге тартуу, таланттарды эл алдына алып чыгуу максатында уюштурулуп келген  «Таланттарды издейбиз!»  аттуу фестивалы  жарыяланып, өткөрүлүп жатат.
Аталган саамалык быйылкы окуу жылында да иш жүзүнө ашып, учурда экинчи айлампасы өтүп жатат. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирет.

 1-курстун студенттеринин алгачкы сахнага чыгуусуна шарт түзгөн бул конкурс, үч этаптан туруп, биринчи айлампасы тайпалар ортосунда өтсө, экинчи айлампасы институттун деңгээлинде факультеттер арасында өтүп, калыстар тобунун тандоосу менен мыкты деп тандалган талант ээлери гала концерттке фестивальдын лауреаттары катары жолдомо алышмакчы.

Кароо сынактын жобосуна ылайык катышуучулар фольклордук, көркөм окуу, эстрадалык, хореографиялык, алып баруучулук жанрлар жана өзгөчө өнөр боюнча сахнада өздөрүнүн чыгармачылык чеберчиликтерин жана таланттарын көрсөтүшүүдө.

Аталган фестивальды жыйынтыктоо иретинде болуучу гала концертке жолдомо алган катышуучулар  өздөрүнүн өнөрлөрүн чоң сахнада да элге тартуулашып, “Таланттарды издейбиз – 2019” аттуу чыгармачыл студенттердин фестивалынын лоуриаттары болуу менен окуу жайдын атайын сыйлыктары, диплом, грамота жана баалуу белектер менен сыйланышат.

 

 

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОГПИнин дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro